Күн тартибине сереп салуу  - 10

Түркиянын Африка саясаты

926810
Күн тартибине сереп салуу  - 10

Түркиянын «көп тараптуу тышкы саясат» түшүнүгү Түркиянын Африка материгинде жаңы кыймылдарды аткарышына мүмкүнчүлүк түздү.   Африка саясатынын негизинде Түркия бир топ маанилүү гуманитардык жардам иштерин аткарып, дипломатиялык карым  - катнаштарды өнүктүрдү жана Африкада стратегиялык натыйжаларга жетишти. Түркиянын Африка өлкөлөрү менен орток тажрыйбалардын негизинде байланыш курушу, Түркиянын ийгилигинин негизги себептеринен. Президент Р. Т. Эрдогандын Алжир, Мавритания, Сенегал жана Малини камтыган Африка сапарлары Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүү жолунда маанилүү бир кадам.

СЕТА саясат, экономика жана коом изилдөөлөрү фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.

Түркиянын Африка менен соода көлөмү 15 жылда 6 эсе артуу менен 17, 5 миллиард долларга жетти. Африкадагы түздөн түз түрк инвестициялары 2003 -  жылы 100 миллион доллар болгон болсо 2017 -  жылы 6, 5 миллиард долларга жакындады. Президент Р. Т. Эрдогандын акыркы Африка сапарларынын негизинде бир топ экономикалык кызматташтык келишимге кол коюлду. Өзгөчө өкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн өнүктүрүлүшү үчүн жаңы максаттар белгиленди. Мисалы Сенегал менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 250 миллион долларга жеткенден кийин 400 миллион долларлык жаңы бир максат белгиленди.

Түркиянын Африка саясаты батыштын колониячыл мамилесинин терсине дагы жакын мамиле менен форма алды. Президент Р. Т. Эрдогандын Алжир сапарынын негизинде алжирдик басма сөз кызматкери Осмон империясын белгилөө менен : «Түркия, Алжирди колониясы катары көргөнбү?»,- деп сурады. Бул суроо боюнча президенттин : «Андай болгондо бул суроону мага французча эмес түркчө сурамаксың»,- деп жооп бериши Түркиянын Африка саясатынын батыштын колониясы түшүнүгүнөн кандай айырмалангандыгын көрсөттү.

Түркиянын Африка саясатындагы ийгилигинин астында жаткан башка эң чоң нерсе гуманитардык жардам дипломатиясы. Түркиянын улуттук кирешеге салыштырмалуу дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам берген өлкө болушу, Түркиянын адамзаттык тышкы саясатка канчалык маани бергендигин көрсөтүүдө. Ачкачылык, кургакчылык менен күрөшүүдө активдүү роль ойногон Түркия өзгөчө согуштан жабыркагандар менен оорулууларга да жардам берүүдө. Президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Түркиянын адамзаттык саясатын жыйынтыктоодо. Эмине Эрдоган : «Кургактык Африканын тагдыры болушу мүмкүн. Бирок ачкачылык, өлүм, тагдыр эмес. Массалык өлүмдөр тагдыр эмес. Африканын саясий ырааттуулугу үчүн эл аралык мекемелерди кыймылга өткөрө турганчалык Африка элдерине ишеним беришибиз керек»,- деди.

Түркиянын Африка саясатынын негизинде гуманитардык жардамдардын тышында маанилүү жагдайлар болсо  башкы штабдын төрагалыгы, экономика министрлиги, өнүгүү министрлиги, улуттук билим берүү министрлиги, казына кеңешчилиги, массалык турак жай башкаруусу, АФАД, жогорку билим берүү кредит жана жатаканалар мекемеси, Түрк Кызылайы, өлкө тышындагы түрктөр биримдиги жана Юнус Эмре фондунун мекемелери маанилүү ролду аткарышууда. Африкада бир топ проектиге кол койгон түрк мекемелер менен бирге жарандык коом мекемелеринин да маанилүү проектилери бар. Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн элдери арасында байланыш күн өткөн сайын өнүгүүдө.

Түркия Африкада өзгөчө курулуш секторунда маанилүү бир актер болууда. Түрк фирмалары бир топ Африка өлкөсүндө маанилүү курулуштар аткарылууда. Акыйкаттан да президент Р. Т. Эрдоган Африка сапарында түрк фирмаларынын курулуштарын да зыярат кылды.

Түркиянын Африка саясатында маанилүү бир маселе болсо ФЕТӨ мектеп жана мекемелери. Түркия Африка өлкөлөрү менен өнүктүргөн карым  - катнаштардын натыйжасында ФЕТӨ мектептери жабылып, Маариф фонду Тунис, Танзания, Судан, Сомали, Сьерра-Леоне, Сан-Томе жана Принсипи, Сенегал, Нигер, Мавритания, Мали, Конго республикасы, Гине, Гамбия, Чад жана Жибути болуу менен 88 мектепте билим берүүдө.

 

СЕТА саясат, экономика жана коом изилдөөлөрү фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун  пикири.



Тектеш кабарлар