Күн тартибине сереп салуу - 8

ПКК маселеси боюнча Түркия  - АКШ карым – катнаштары.

917355
Күн тартибине сереп салуу - 8

Түркия жана сириялык оппозициячылдарынын Афринди ЙПГ террористтеринен тазалоого карата баштаган «Зайтун бутагы» операциясына бир ай болду. Түркия  - АКШ карым  - катнаштары АКШнын террорду колдоосунан улам  олуттуу түрдө бузулду. Түркия өзүнүн жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугунун коркунучта экендигин көрүп, АКШ болсо Сирияда террордук уюм ПКК менен болгон булганычтуу союздаштыгын улантары көрүнүүдө. НАТОнун эки мүчөсүнүн ортосундагы араздашуу акыркы мезгилде  «террорго колдоо» боюнча олуттуу кризистин ичине киргендей көрүнсө да негизинен өткөн күнгө таянган олуттуу структуралык маселелер да бар. «Араб жазында» алынган ар башка позициялар АКШнын Египет соккусун колдоосу жана барыдан мурда 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын артындагы ФЕТӨ менен болгон байланышы Түркия  - АКШ карым – катнаштарына  тескери таасирин тийгизди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия  - АКШ карым – катнаштарына байланыштуу : «Карым  - катнаштарыбыз абдан орчундуу жерде. Карым  - катнаштарыбызды оңдоого аракет кылабыз же бул карым  - катнаштар толугу менен бузулат»,- деп айтышы Түркия менен АКШнын ортосундагы карым  - катнаштардын абалын көз алдына келтирип жаткан. АКШ тарабы Түркиянын олуттуулугун түшүнбөстүккө салса да тышкы иштер министри Чавушоглунун Тиллерсондун ДЕАШ жыйынындагы сөзүнө токтолуп «Түркиянын тынчсызданууларын билебиз. Биз эми сөздөн көп аткарылган кыймылды көргүбүз келет» - деген сөзү Түркиянын АКШга  болгон ишенимин жоготкондугун көрсөтүү менен берилген бирок аткарылбаган убадалардын орундатылышын да талап кылууда. АКШнын Түркияга берген убадаларын орундатпаса Түркиянын радикал чечимдерди чыгарышын күтүүгө болот. АКШ союздаштык түшүнүгүнө ылайык кадам таштап Түркия менен карым  - катнаштарына карата кээ бир кадамдарды таштаса да бири бирине карата ишенимдин жаңыланышы узун убакытты алат.

Вице  - премьер жана өкмөттүн катчысы  Бекир Боздаг Түркиянын чек арасында  курулушу пландалган террордук коридор жана террорду мамлекеттештирүү проектисин жок кылгандыгы белгиленип, : «АКШ ПКК/КЖК/ ПЙД/ЙПГ террордук уюмдар тууралуу Түркияны алаксытуудан баш тартышы керек: ысым алмаштыруу менен террор уюмдарын жана террористтерди жашыра албай тургандыгын, бул ылдамдык менен чындыкты өзгөртө албай тургандыгын жана эч кимди алдай албай тургандыгын билиши керек. ПЙД менен ЙПГнин террордук уюм экендигин эч кандай шартсыз кабыл алышы керек. Террордук уюмдар менен кызматташтыгын, террордук уюмдарды машыктырууну, курал , ок  - дары, жана башка каражаттарды токтотуп, террордук уюмдарга берген куралдарды чогултушу керек»,- деген билдирүү берген.

АКШнын мамлекеттик министри Рекс Тиллерсон Түркияга сапар менен келди. Президент Эрдоган менен узун убакыт сүйлөшкөндөн кийин Тиллерсон кесиптеши Чавушоглу менен да эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө тараптарды бири бирин стратегиялык өнөктөш катары көргөндөрү такталгандан кийин Түркия дагы бир жолу биринчи ооздон АКШга талаптарын билдирди. Манбич башта болуу менен Сириянын Түндүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бир механизмди түзүү чечимин чыгарды. Бирок Түркия АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантуу менен бирге бир тараптан да түздөн түз ПКК/ЙПГ террордук уюмдарын бутага алууну улантарын так түрдө ортого салды.

Албетте АКШ менен Түркиянын ортосунда болуп жаткан маселелер бир гана ПКК/ЙПГ маселесинен эле турбайт. Негизинен Түркияны аймакта куруучу актер катары көрбөгөн АКШда Эрдоганга көңүл бурулууда. Узун убакыттан бери медиа курулуштары тарабынан көкүтүлгөн жана Түркия ичиндеги кызматаштык түзгөн жактар тарабынан колдоого алынган түшүнүк Түркиянын улуттук пайдаларына көлөкө түшүрүүдө жана талкуунун негизин өзгөртүүдө. Акыйкаттан да АКШда Түркия «адам укуктары жана «адамзаттык баалуулуктар» аркылуу талкууга алынса, Жакынкы Чыгышта АКШ күн тартибиндеги Бирккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия жана Египеттеги «адам укуктары» менен «адамзаттык баалуулуктар» мааниге ээ болууда. АКШнын чечкинсиз мамилесинин негизги себеби Түркиянын өз алдынча жана көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүшү болууда. Акыйкаттан да 15 -  июлдагы ФЕТӨнүн козголоң кыймылы негизинен АКШнын : «Козголоң болуп же болбогондугун карап чыгабыз»,- деген билдирүүсү козголоң кыймылынан кийин түрк калкынын жанында болгондон башка козголоңчулардын абалы менен Инжирлик базасынын козголоң учурунда ачкыч роль аткарышы эки өлкөнүн ортосунда бир бурулуш жери болууда. ФЕТӨ террордук уюмдун лидеринин АКШда болушу, ЦРУнун жана башка АКШ мекемелеринин ФЕТӨнү колдошу Түркия менен карым  - катнаштарын бузду. АКШнын Түркия тарабынан сунушталган ондогон далилге карабастан ФЕТӨ террордук уюму лидерин Түркияга тапшырбашы жана мыйзамдуу процесстин баштатылбашы, АКШнын 15 -  июлдагы ФЕТӨчү козголоң кыймылынан тынчсызданбагандыгын көрсөткөн маанилүү маалыматтардан.

АКШ менен Түркиянын ортосунда маанилүү бир бөлүнүүчүлүктү түзгөн башка бир маселе болсо Египетте козголоң кыймылы менен кулатылган Мухаммед Мурси өкмөтү. Түркия Египеттин алгачкы демократиялык жолдор менен шайланган мамлекет башчысын колдосо да АКШнын көз карашында исламчыл өкмөттү колдогон. АКШ Сисинин козголоңун ыраазычылык кабыл алса, Түркиянын Мурси өкмөтүнө болгон колдоосун улантышы, Жакынкы Чыгыш үчүн АКШ менен Түркиянын ортосунда маанилүү бир пикир айырмачылыгын көрсөтүүдө. Акыйкаттан да Түркия Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин өкмөттөрү элдер тарабынан шайланышын каалап, АКШ өз кызыкчылыктары жана пайдасынын негизинде кыймыл кыла турган өкмөттү каалап жатат. АКШдагы кенен жайылган көз карашка караганда Жакынкы Чыгышта эркин шайлоо менен келе турган өкмөттөр АКШ жактоочусу эмес, АКШнын пайдасы менен кызыкчылыктарын коркунучка салат.



Тектеш кабарлар