Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү

21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү.

812222
Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү

Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынып, 2002-жылдын 21-сентябрынан тарта белгиленип келет. Башкы Ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук, зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат. Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы кайрылуу жасайт. 

Гитлер Германиясынын Польшага кол салган күнү мурдагы Совет блогундагы өлкөлөр жана Түркияда «Дүйнөлүк тынчтык күнү» катары белгиленүүдө. 2-Дүйнөлүк согуштан кийин дагы бир жолу согуш болуп кетпеши үчүн БУУнун түзүлүүсү негизинен көп сандаган согуштун алдын алды жана жайылуусуна бөгөт болду. Буга карабастан убак-убагы менен аймактык кагылышуулар жана согуштар да болуп жатат. БУУ түзүлүп жатканда теңдик принциби каралбастан 5 мүчө өлкө БУУнун коопсуздук кеңешин түздү. Бул абалга бир топ өлкөнүн сын айтканына карабастан бүгүнкү күнгө дейре Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү милдетин аткарууда. Палестина маселесинде болгону сыяктуу бул 5 мүчөдөн бирөөнүн вето кылышы менен биргелешкен чечимдер чыгарыла албайт. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын күчтүү түрдө айтканындай «Дүйнө жүзү 5тен чоң» пикири акыркы жылдарда улам көп колдоо табууда. Биз дүйнөлүк тынчтыкты коргоодо чоң мааниси болгон БУУнун тең укуктуу жана тарапсыз структура менен Бүткүл Дүйнөлүк тынчтыкка кызмат кылышын каалайбыз. 21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүңүз куттуу болсун!



Тектеш кабарлар