Чет элдиктерге турак жай сатуу

Турак жай алган чет элдиктердин аскерликтен бошотулуусу да ойлонулууда

356432
Чет элдиктерге турак жай сатуу

Экономика министри Нихат Зейбекчинин Түркиядан турак жай алган чет элдиктерге түздөн түз жарандык берилишине байланыштуу иштердин башталганын айтуусу менен чет элдиктердин көзү Түркияга бурулду.
«Үстүндө кызыл байрактын сүрөтү тартылган мүлк ээси докментине ээ болгондордун баары биздин жараныбыз. Бул тууралуу олуттуу иштерибиз бар. Азырынча шарттары тактала элек, бирок кыймылсыз мүлк алгандарга жарандык беребиз»,- деген Зейбекчи жарандык укугунун турак жай алган кишилер менен бирге инвестиция салган чет элдиктерге да берилүүсүн министрлер кеңешинде сунуш кылды. Зейбекчи жарандык укугуна кошумча катары узун мөөнөттүү виза сыяктуу жолдордун да ишке кириши мүмкүн экенин белгилеген.
Жарандык укугун алган кишилер оболу өлкөгө визасыз кире алышат, түрк жарандары менен бирдей укуктарга ээ болот, кааласа Түркияда каалаган иш тармактарында иштеше алышат. Турак жай алган чет элдиктердин аскерликтен бошотулуусу да ойлонулууда. Чет элдиктердин Түркиядан турак жай сатып алууга карата кызыгуусу барган сайын өсүүдө.
Өткөн жылы чет элдиктерге 18 миң турак жай сатылса, бул жылдын биринчи 8 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда сатуу катнашы 23 пайызга өсүп, 14 миңден ашты.
Түркияда чет элдиктерге турак жай сатууда биринчи үч орунда Ирак, Сауд Араб өлкөсү жана Кувейт жарандары турат. Чет элдиктер турак жай алып жатканда эң көп Стамбул, Анталья жана Бурсаны тандашууда.
Түркия статистика мекемесинин маалыматтарына караганда өткөн жылдын январь - август мезгилинде чет элдиктер үчүн курулган 4 миң 284 турак жай сатылышында биринчи орунду Анталья алып, 3 миң 444 үй менен Стамбул экинчи орунду алды. Бирок тең салмактуулук бул жылы өзгөрдү, 2015 – жылдын биринчи сегиз айында Стамбул 4 миң 472 турак жай сатуу менен ошол эле мезгилде чет элдиктерге сатылган 4 миң 66 турак жай сатуу менен Антальядан ашып өттү. Айрыкча өткөн жылы тизменин акырларында орун алган Бурса бул жылы өткөн жылкы сатуусун эки эсге чыгарып 965 чет элдикке турак жай сатып үчүнчү орунга чыкты. Анкарада болсо 8 айда 848 турак жай сатылган. Август айында жылдык базада турак жай сатуу эң көп өсүү көрсөткөн облус 286 пайыз менен Трабзон болуп, андан кийин 280 пайыз менен Сакария жана 130 пайыз менен Ялова келүүдө. Бул жылдын 8 айы менен өткөн жылдын ушул эле мезгили салыштырылганда эң көп өсүү болгон облус 290 пайыз менен Трабзон болду. Бул облустан кийин 146 пайыз менен Ялова жана 92 пайыз менен Сакария турат. Стамбул, Анталья, Бурса, Ялова, Сакария, Трабзон, Айдын, Мугла, Мерсин жана Анкарада сегиз айда чет элдиктерге жалпы 14 миң 424 турак жай сатылган болду.
Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда август айында Ирак жарандары Түркиядан 401 үй сатып алды. Ирактан кийин кезеги менен 271 үй менен Сауд Араб өлкөсү, 226 үй менен Кувейт, 155 үй менен Орусия федерациясы жана 86 үй менен Англия турат. Январь - август мезгилинде болсо эң көп ирактыктар үй сатып алышты. 2 миң 432 үй сатып алган ирактыктардан кийин 1миң 691 үй менен сауд арабстандыктар, 1 миң 426 үй менен кувейттиктер турат.
Жакынкы Чыгыш жана кыйын абалда болгон өлкөлөр үчүн Түркия экинчи мекен болду. Ушундан улам бул аймактардагы чет элдиктер өзгөчө Стамбулда жашоо мүмкүнчүлүгүн издеп жатат. «Стамбулда бир үйүм болсун» деген чет элдиктер эң көп 2+1 жана 3+1 үйлөрдү тандашууда. Ошол эле учурда жаңы турак жай баалары сентябрда мурунку айга салыштырганда 1, 30 пайызга өстү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 8, 35 пайызга өсүү болду.
Анталья метр квадраты 2, 97 пайыздык өсүү менен 2015 – жылдын сентябрь айында турак жай бааларынын эң көп жогорулаган, Афионкарахисар болсо 0, 08 пайыздык төмөндөө менен метр квадратына турак жай сатуу баалары эң көп азайган шаар болду. Түрак жай жана кыймылсыз мүлк базары жогорулоону улантып, араптар Түркияда жаңы инвестиция аймактарын таба башташты.
Сауд Араб өлкөсү, Бахрейн жана Бириккен Арап Эмирликтери сыяктуу Булуң өлкөлөрүнөн көп сандаган ишкер Бурсада өзгөчө саламаттык сактоо туризми жана курулуш секторунда инвестиция салууну каалап жатат. Акыркы 5 жылдан бери Түркиядагы инвестицияларын өстүргөн араптар Кожаелинин Картепе районунда турак жай бааларын жогорулатты. Арап инвесторолор акыркы эки жылдын ичинде өзгөчө Машукийе аймагынан көп сандаган кыймылсыз мүлк сатып алды. Аймактагы туристтик комплекстерде жана Мушакийе базарынан арап туристтерди көп кездештирүүгө болот... Бул аймакты абдан жакшы көргөн бай араптар кыймылсыз мүлккө талапкер болору менен баалар ылдам жогорулады.
Мушакийе аймагында вилла баалары 200 миң – 1, 5 миллион долларга жогорулап, участоктордун гектары баасы да 200 миң - 350 миң лира арасында.
Араптар Картепе аймагы менен Саманлы этектерин климатынан улам тандашууда. Айрыкча араптар бул аймактын Кураанда бейиш деп таанытылган жерге окшогонун, бул аймактын дүйнөдөгү бейиш экенине ишенишүүдө. Өзгөчө арап аймагында аба ырайы абдан ысык болгон мезгилде жылдын 3 – 4 айын бул аймакта өткөрүү үчүн кыймылсыз мүлк алган араптар аймакты Стамбулга жакындыгы, көптөгөн мечиттин болушунан улам эң көп тандалган жер катары көрсөтүшүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар