Террористтердин уюгу-ПКК

Түркия күрөшүп жаткан террордук топторду колдоону токтоткула.

347900
Террористтердин уюгу-ПКК

Түркия, жалгыз эле ПКК менен эмес, аларга кошоматчы террор уюмдары менен дагы күрөшүүдө.
Булардын башында АКШнын террор катары карабаганын жарыялаган Демократиялык биримдик партиясы (PYD) жана анын куралчан тармагы болгон YPG бар.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «PYD жана YPG, булардын бардыгы террор уюмдары биздин оюубузча»-деп айтып Анкаранын көз карашын ортого салды.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да PYDнын Кандил менен ортоктош болгонун айтты. Давутоглу: «PYD адам ресурсун жана куралдуу күчүн Кандилден алууда» деген ачыктоосу менен YPGнын ПКК менен кызматташып жатканын көз алдыга жайды.
«Миллийет» гезитинин макаласына караганда PYDнын куралчан топторунун башында Кандил дайындаган ПККлык жогорку башкаруучулар турат. Чалгындоо бөлүктөрү даярдап премьер-министр Давутоглуна сунуштаган отчету, бири аялдан турган үч жогорку деңгээлдеги ПККлыктын PYDнын ичинде кыймылын жүрүзүп жатканын белгиледи.
2003-жылы курулган PYD,ПККнын Сириядагы уландысы катары белгилүү. ПККга жакын бардык партиялар сыяктуу тең төрагалык системасы менен башкарылууда. Лидери Салих Мүслим 2012-жылдагы жарыясында ПКК менен органикалык эмес идеологиялык байланыштары болгонун айтты.
PYD, сириялык оппозициячылдар тарабынан Асад режими менен кызматташтык кылганы менен күнөөлөндү. Сириянын Түркия менен чек аралаш жеринде көзөмөлүндөгү үч аймакта кантон башкаруусун курду. PYDнын кантондорду бириктирип Жер Ортолук деңизге жетүүгө аракет кыла турганы, Ирактагы күрт мунай затына Түркиядан тышкары бир багыт түзгүсү келгени айтылууда.
PYDнын аскердик колу катары орто эсеп менен 65000 террористтен турган Элдик коргоо бөлүктөрү (YPG). YPJ, YPGнын аялдар тармагы болуп саналат. YPGга Америка, Европа жана Австралиядан курал жана тылдык колдоо менен террорист кошулуп жатканы билинет.
PJAK (Курдистан эркин жашоо партиясы) да ПККнын Ирандагы куралдуу колу катары белгилүү. Иранга карай кол салууларын 2011-жылы токтоткон PJAK, Кандил тоосуна чегинген. 2014-жылы 5-майдагы маалымат жыйыны менен да кыймылдарын токтотконун жарыялаган. Анда ордуна курулган уюмдун ысымынын Чыгыш Курдистан эркиндик уюму (KODAR) болгону жарыяланган.
Түркиянын террор уюмдарына карай мамилесинде акыркы чекитти премьер-министр Ахмет Давутоглу койду. Давутоглу ПККнын чек арадан чыкмайынча жана куралдарын таштамайынча Түркиянын PYDга болгон мамилесинин өзгөрбөй турганын баса белгиледи. Давутоглу: «PYD, Сирия режими жана ПКК менен байланыштарынын болбогонун далилдеши керек. Андай болбосо кайсы топтун ПКК менен байланышы бар болсо ал топ Түркия үчүн коркунуч болуп саналат жана эч бир террор кыймылдарын чек аранын ары жагында да, маадесе Иракта, маадесе Сирияда болсо да кечирбейбиз. Ушул жагынан PYDнын мамилеси өзгөргөнгө чейин PYDны ПКК менен бирдей эле көрөбүз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар