Израилдин Аксадагы бузукулуктары

Израиль аскерлеринин Месчид-и Акса комплексинин ичиндеги Кыбла мечитине өтүктөрү менен кирип барышы алгачкы жолу болгон жок...

350808
Израилдин Аксадагы бузукулуктары

Израиль аскерлеринин мусулмандардын алгачкы кыбыласы болгон Месчид-и Акса комплексинин ичиндеги Кыбла мечитине өтүктөрү менен кирип барышы алгачкы жолу болгон жок... Месчд-и Аксанын каалгасын жана короосун кайтарып бузукулуктарга бөгөт болууга аракет кылган ыктыярдуу палестиналыктарга зомбулук кылынышынын алгачкы жолу болбогону сыяктуу...
Аксага киргиси келген палестиналыктарга Израилдин аскерлери көп күндөн бери үн бомбасын ыргытып, көздөн жаш агызуучу газ чачып жана пластмасс ок менен кийлигишүүдө. Анда арасында аялдар жана журналисттер да болгон көп сандаган киши жабыркады.
Израиль аскерлеринин өткөн үч күн бою Месчид-и Аксага карай кол салууларынын артынан бир «коопсуздук жыйынын» өткөргөн Нетаньяхунун ачыктоолору эстен кеткен жок.
Нетаньяху: «Месчид-и Аксадагы абалды улантууга чечкиндүүбүз, еврейлердин бул жерге келишине тоскоол болууга аракет кылгандарга уруксат бербейбиз»-деди.
Бул аптада болгондор чындыгында 2014-жылдын ноябрь айынан бери уланып келген чыңалуунун жарылуусу эле.
Израиль аскерлери ноябрь айында да Месчид-и Аксаны басып алып газ бомбаларын жана пластмасс октор менен палестиналыктарга кол салган. 1967-жылдан бери алгач ирет Аксанын ичине кирип ыбадаткананы талкалаган Израилдин аскерлери мечиттин килемдерин тебеледи. Кол салуу убагында Куран-ы Керимдер жерге ыргытылып Месчид-и Аксанын каалгасы жана терезелери сындырылды. Килемдердин бир бөлүгү да ташталган үн бомбасынын чыгарган отунан күйүп кетти. Месчид-и Аксага болгон алгачкы бузукулук киришүүсү 1969-жылы 21-августта австралиялык радикал Деннис Майкл Рохан тарабынан жасалган. Рохан Кыбла мечитинин михрабын жана миң жылдык минберин жаккан.
Андан кийинки кол салуулар мындай уланган:
Палестинанын 1987-жылдын декабрынан 1993-жылдагы Осло келишимине кол коюлганга чейин уланган биринчи интифадасы убагында 1990-жылы Израиль полициясы демонстрацияларга катышкан 21 палестинди өлтүргөн.
Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэль Шарон 2000-жылы Месчид-и Аксага кирди жана 2007-жылга чейин улана турган экинчи интифада башталды. Шарондун зыяратынан кийин башталган кагылышууларда 25 киши каза тапты, 700 чактысы жараланды.
Месчид-и Аксага бүткүл чет элдиктердин кирүүлөрүнө Акса фонду тарабынан тыюу салынса дагы бул чечимди Израиль 2003-жылдан бери бир жактуу түрдө жойду жана Магарибе каалгасынан еврей отурукташуучулар менен туристтердин киришине уруксат берди.
Өткөн жылы октябрь айынын акырында Батыш Иерусалимде «ашкере оңчул» хахамдын куралдуу кол салуунун жыйынтыгында оор жаракат алышынан кийин, Израиль полициясы экинчи буйрукка чейин Месчид-и Аксанын бардык мусулмандарга жабылганын жарыялады.
Буга ылайык туристтер жана еврей отурукташуучулар менен кошо эч кимдин Аксага кирүүсүнө уруксат берилген жок. Израилдин 1967-жылдагы басып алуусунан бери алгач ирет 24 саатка созулган Аксаны жабуусунан кийин Иерусалимге каршы чыгуу катары бир топ кол салуу, кагылышуу болду.
Израиль аскерлери Месчид-и Аксаны басып алып газ бомбасы жана пластмасс октор менен палестиналыктарга кол салды.
Израиль, ичинде Кыбла мечити жана Куббетус Сахра мечити менен катар музей, медреселер жана чоң короосу орун алган Месчид-и Акса комплексинин астында, Сулейман эстелигинин калдыктары да табылганы айтымдары менен бул жерди да басып алгысы келүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар