Кыргызстанга иш сапар-2

КТРКдагы жолугушуулар жана кечки Бишкек.

331656
Кыргызстанга иш сапар-2

...Мурдатан сүйлөшүлгөндөй алгачкы күнү Улуттук телерадио компаниясына бардык. Бизди КТРКнын радио тармагынын башчысы Кайрат Иманалиевдин орун басары Шакир мырза кызматтык унаасын айдатып келип алып кетти. Көрсө 5 радионун продюсерлери Таалайгүл Сыдыкбекова, Жамила Маматова, Назгүл Абдукаимова жана Назира Асанкожоева болуп чогулуп сый тамак уюштуруп күтүп жатышкан экен, Бухара деген ресторанда (кыстара кетсек Нуркыз Исакова Түркияга камынып жаткандыктан, сый тамакка катыша албаганын айтышты). Ал жерде мурдагы тааныштар менен жолугуп учурашып, ал жай сурашып жылуу маанайда олтурдук. Сүлейман мырзага чепкен жаап, калпак кийгизишип кыргыздын салтын, сыйын толук көрсөтүштү. Андан соң КТРКга барып радио тармагын толугу менен кыдырып чыктык. Ал жерде мурдагы тааныштарды көргөндө алар да мен да өңбү түшпү дегенсип учурашып өтүп жаттык. КТРКнын тар коридорлорунда жүргөндө ылайым Кыргызстаным өнүгүп, КТРК үчүн чоң жаңы имарат салынып, кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлүп берсе, кыргыздан эмне деген чыгармачыл таланттар чыгат эле деген тилек менен ичимден сызып бараттым. Замандын каатчылыгына кабылып, ары тартса ары жетпей, бери тартса бери жетпей, чыгарма менен алек боло албай канчалаган таланттарыбыз базар экономикасынын зулум турмушуна алдырып коюп жатышат. Саясатчылар эптеп эле бийликти алсак болду, калганын танка менен тебелегенсип эзип жок кылабыз дегендей көрүнүш менен баратышат. Мындай убактылуу көрүнүш, күнүмдүк жашоодон кутулуу, Кыргызстандын «улуттук идеологиясын» терең иштеп чыгып, аны аткаруу менен болот го деген үмүттөмүн.
КТРКнын «Асанхан Жумакматов» атындагы оркестр залын көргөндө Сүлейман мырза суктанганын жашырган жок. Бул залдын акустикасы абдан жогору экендигин, өз кезегинде Казакстандын гимни да ушул залда жаздырылып кеткенин Шакир мырза байма-бай айтып жатты.
Ар бир радионун студиясынын өзүнө таандык аурасы бар экени, андагы дубалга илинген қагаз жана картиналар менен иштеген кызматкерлердин салабаттуулугунан көрүнүп турду. Биз Биринчи радиодо маек куруп бердик. Биринчи радионун дасыккан кызматкери Зыйнакан Кайыпова ар түрдүү суроолорду узатып жатты. Анда «Кабар» агенттиги менен ТРТнын Түркия үнү радиосу эмне үчүн кызматташып жатканы суралганда Сүлейман мырза, «Кабар» дагы мамлекеттик агенттик, ТРТ дагы мамлекеттик мекеме экөө тең мамлекеттик медиа органы болгондуктан, үчүнчү бир мекеме же өлкөнү ортого салбастан түздөн-түз эки өлкөнүн, эки мекеменин ортосунда маалымат алмашууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн, мындан ары да кызамтташуу улам көбөйүп уланаарын түшүндүрүп өттү.
Радио тармагын кыдырып чыккан соң КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков мырза бизди кызмат орунунда кабыл алды. Илим мырза быйыл жай абдан ысык болуп жаткандыктан жана жумуштун көптүгүнөн саал чаалыккансып турду. Ошого карабай бизди жылуу кабыл алып, ТРТ менен КТРКнын дагы жаңы нукта кызматташууга ынтызарлыгын, ТРТнын башкы директору Шенол Гөка мырза менен Москвада жолукканда экөө бир тууган ага ини сыяктуу жүргөндөрүн, биргелеше аткара турган долбоорлорду ишке ашыруу керектигин түшүндүрүп өттү. Аны менен бирге ТРТда эфирге чыгып жаткан «Дирилиш-Эртугрул» сериалын КТРКга чыгарууга кызыктарлыгын кошумчалай кетти. Эске сала кетсек «Дирилиш-Эртугрул» сериалы түрктөрдүн Орто Азиядан Анадолуга көчүп келип жайгашкан убагын чагылдырган, тарыхтан таасын маалымат берген, кыргыздын боз үйлөрү, оймолору менен кошо тартылган сериал. Бул өзү эки элдин жакындыгын аттын кашкасындай ачык тартуулап берет деген ойдомун.
Ал күнү жолдон келип абдан чарчаптырбыз. Менин иним Урматтын коштоосунда Фаиза деген ашканага барып даам таткан соң Бишкектин аллеясында жөө басууну сунуштады. Биз бир топко кечки Бишкекке назар салып жөө басып жүргөндө башка бир иним Болот келип калды. Аны менен бир чайканада олтуруп чай ичкиче түн да кирди. Анан мейманканага барып эс алууну чечтик. Болот өзүнүн машинасы менен жеткирип койду. Жатып алып Бишкектин мурдагы жашыл бульварлары менен азыркы учурун көздөн тасма өткөндөй өткөрүп жибердим. Токсонунчу жылдардын башында иномарка машинасы бар адамдар өзгөчө укмуш көрүнчү. Аны айдаган кишиге жөн киши жете албагансып, ар ким иномарка айдаганга жан талашчу. Мына иномаркалардын кылганы жашыл шаардан жалбырак калтырбай кууратып баратат.Ал аз келгенсип оң жагынан айдаганы да, сол жагынан айдаганы да толуп алыптыр. Кайсы өлкөдө мындайды көрдүңөр эле? Ошол жерден КТРКнын башкы директору Илим мырзага таң бердим, анткени ал жумушка велосипед тээп келет экен. Ден- соолукка да пайдалуу, абаны да кирдетпейт. Иномаркалардай ызы чуу да салбайт... (уландысы бар)

Cүрөттөрдү кошумчасы менен толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар