Кипр тынчтык кыймылы

Бүгүн Кипрде 1974 - жылы болгон жана эки коомдуу аралда бузулган тынчтыкты кайрадан түзгөн Тынчтык кыймылын белгиленүүдө

345398
Кипр тынчтык кыймылы

Жер Ортолук деңизинин чыгышында Мерсинге абдан жакын жерде кооздуктун символу болгон Кипр аралы орун алган. Мифологияда сулуулуктун кудайы Афродитанын туулган жери жана кургактыкка биринчи жолу чыккан жер катары аталат. Теңдеши жок кооздугу менен дүйнөнүн төрт тарабына таанылат жана билинет. Бүгүн Кипрде 1974 - жылы болгон жана эки коомдуу аралда бузулган тынчтыкты кайрадан түзгөн Тынчтык кыймылын белгилеп жатабыз.
Кипр аралы Жер Ортолук деңиздин түндүк чыгышында Анадолу менен Ливан, Сирия, Израиль, Палестина жана Египеттин ортосундагы соода жолдорунун арасында абдан маанилүү абалда турат. Стратегиялык абалынан улам тарых боюнча деңиз соода жолдорун текшерүүнү каалаган эгемендүү күчтөр тарабынан басылып алынып жана кол салууларга учураган. Бир топ цивилизация тарабынан алынган жана баарынын издерин камтыган арал осмондуктар тарабынан 2 - Селим падыша болуп турган мезгилде 1573 - жылы венециялыктарды жеңип, басып алган. Аралда жашаган румдарга укуктар берилип, өз укук жана эрежелерин ишке ашыруу жана диний милдеттерин орундатууларына мүмкүнчүлүк берилген. Басып алуу менен бирге аралга Анадолунун ар башка жерлеринен түрк калкы көчүрүлгөн. 1878 - жылы болгон Осмон – Орус согушу учурунда Англияга осмондукка жардам бере турган болсо 150 жылдыгына арендага берилген. Ушундайча аралда крестүүлөр жортуулу учурунда башталган англис бийлиги кайрадан курулган. 1 - Дүйнөлүк согушу учурунда Англияга каршы согушка кирилүүсү менен аралда Британиянын жери катары кабыл алынып губернатор дайындалган. Боштондук согушунан кийин Лозаннада түзүлгөн тынчтык келишими менен Түркия аралдагы англис бийлигин кабыл алып консулдук дайындаган. Аралдагы англис бийлигине каршы румдардын ЕНОСИС Греция менен биригүү күрөшү 1931 - жылдан баштап башталган. Чыккан окуяларды көзөмөлгө алууну каалаган англис башкаруусу грек жана түрк тарыхынын окутулуусун жана каармандардын фотографияларынын илинүүсүнө тыюу салды. Башкаруу көтөрүлүшү демилгесине каршы кысымдарын барган сайын күчтөндүрдү. 1955 - жылы кипрдык румдар курган ЕОКА уюму куралдуу күрөштү баштады. Түрк жана румдардын арасында да кагылышуулар болуп жаткан. 1960 - жылга келгенде түрк жана румдар биргелеше башкара турган Көз карандысыз Кипр Республикасы курулду. Мамлекет башчысы румдардан, орун басары түрктөрдөн шайланып, министрлер кеңеши да калкынын санына карата белгиленген. Кипр республикасын Англия, Греция жана Түркия гарантер өлкө катары таныды. 1963 - жылы румдардын кол салуулары күч алды. Түрктөргө карата колдоо катары согуштук учактары аралдын үстүнөн уча баштады. Түркия аралга кирип Кипр түрктөрүнүн коопсуздугун түзүүнү каалап жаткан, бирок Америка өкмөтү тарабынан тарыхка «Жонсон каты» деп өткөн бир кат Түркиянын аралга кийлигишүүсүнө бөгөт болгон. Грецияга да Түркияга да курал жардамын берген Америка бул куралдардын НАТО мүчөсү өлкөлөрдүн арасында болушу мүмкүн болгон согушта колдонулуусун каалабай жаткан. Түркия колунда жетерлик санда кеме болбогондуктан бул күнү аралга кийлигише албады. Кипрдик түрктөрдүн бир тараптан коргонуу максатында куралдандырылуусу бир тараптан да аскердик машыгуулар өткөрүлүп жаткан.
Кагылышуу жана кыргындар менен өткөн жылдардын акырында 1974 - жылга келинди. Грецияда болгон аскердик сокку менен ЕНОСИС пландары ишке ашарылууга аракет кылынды. Түркия 1963 – жылдан бери ыктымалдуу бир кыймыл үчүн керектүү даярдыктарын жана кемчиликтерин жойгон болчу. Түркияда коалиция өнөктөшү болгон Бүлент Эжевит жана Нежметтин Эрбакан аралга кийлигишүү чечимин чыгарды. Кипрде аскердик бир базасы болгон жана гарантерлугу улантылган Англиянын нааразычылыгы да жоюлду. Күтүлгөн күн келди жана аралдагы түрк калкынын түрк байрагы менен жоолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн 1974 - жылы 20 - июлда бир тараптан абадан парашютчулар түшүрүлүп, бир тараптан да Гирне жээктерине кыймыл жасалды. 20 – июль 14 - август күндөрүнүн арасында болгон согушта түрктөр жеңишке жетишти. Кипрде түрктөрдүн жан коопсуздугун түзүү укугун берген гарантерлук жоопкерчиликтерин колдонгон Түркия аралга жасаган кыймылы менен аралдын жарымына жакынын коопсуздук астына алды. Түрк аскеринин найзасы аралдагы кагылышуу чөйрөсүн соңуна чыгарып ушул күнгө чейин созулган тынчтыкты да түзгөн болду. Тынчтык кыймылына бөгөт боло албаган жана чоң бир жеңилүүгө учураган грек хунтасы да ордун демократияга калтырды. Түркия үчүн улуттук маселе катары көрүлгөн Кипр доосу ушул күнгө чейин келген таасири менен аймагыбыз үчүн маанисин улантууда.
Түркиянын Кипр түрктөрүнө карата колдоосу улантылат. Тектештерибиз эгемендиктерине жана көз карандысыздыктарына карата бардык коркутууларга каршы Ата Мекен жанында болууну улантат. Кипр үчүн БУУнун байкоосу астында болуп жаткан сүйлөшүүлөр менен эки коомдун адилеттүү бир башкаруу менен келечекте жолугушуу аракеттери да улантылат. Түркия да колдогон бул сүйлөшүүлөр менен аралдын келечектеги саясий жана башкаруу түзүлүшү форма алат.
Кипр Тынчтык кыймылын дагы бир жолу кубанчтуу белгилеп, аралдагы тынчтыктын туруктуу улантылуусун каалайбыз.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар