Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү

Жер шарын коргоо биздин негизги милдетибиз

293202
Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү


Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилеп жатабыз. Жаратылыш адамдар тарабынан тарых бою болуп көрбөгөндөй булганды. Өнөр жай өндүрүшүнүн 19-20-кылымдарда өсүүсү, автомобиль индустриясындагы өнүгүүлөр жана урбанизация булар адам баласын айлана-чөйрөнү коргоо темасында дагы да кылдат болууга түртүүдө. Анткени биз жашай турчу башка жер шары жок. «Жер шарын коргоо үчүн эмнелер жасалса болот» деген ой-пикирден улам 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында өткөрүлгөн БУУнун экология боюнча конференциясында чыгарылган токтомго ылайык 5-июнь Дүйнөлүк экология күнү катары кабыл алынган. Жаратылышты коргоо түшүнүгүнүн калыптануусу, жаңылана турган булактардын изилдениши, өнүктүрүлүп жана кеңири тармакта колдонулуусунун жолун ачты.
Биз жашаган жер шары өзгөчө кубулушка ээ. Ал өзүн өзү жаңылай алат. Жанар тоолордун жарылуусу, чоң токой өрттөрү, динозаврлардын жок болушуна себепчи болгон чоң метеор таштарынын түшүүсү сыяктуу табигый апааттар дүйнөнүн өз нугунун ичинде кайра тең салмакталып турат. Бирок өнөр жайдын өнүгүүсүнүн жыйынтыгында тең салмактуулук адамдар тарабынан кайра кайтып келгис түрдө бузулууга жол берилүүдө. Өнөр жай, мунай зат, көмүр, жаратылыш газы сыяктуу булактардын ылдам бүтүрүлүүсүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөдө чоң кыйынчылыктар жаралды. Илимпоздор жаңылоого боло турчу энергия издөөгө жана бул абалды калыбына келтире турган технологияларды өнүктүрүүгө багытталды. Учурда жаратылышты коргоо түшүнүгүн калыптандыруу, табигый жашоо көз карашы коомчулуктардын күн тартибинде.
Турак жайлар, ишканалар, унаалар, шаарлардын пландалышына чейин өтө кеңири тармакта экологияга зыян келтирбеген жолдорду таап жатабыз. Үйлөрдү, чоң имараттарды куруп жатканда күйүүчү май, электр энергия жана сууну үнөмдүү пайдаланууга аракет кылуудабыз. Турак жайларда жана өнөр жай өндүрүшүнүн жыйынтыгында пайда болгон таштанды суулардын жаратылышка зыян тийгизишине бөгөт коюучу чаралар көрүлүп жатат. Автомобилдерде күйүүчү май катары электр энергия жана бензин менен иштеген моделдер мамлекеттер тарабынан сунушталууда. Балким жакын келечекте күйүүчү майды үнөмдүү короткон гибрид автоунаалар кеңири колдонулуп калат.
Мунай зат, көмүр, газ сыяктуу резервдер түгөнгүс жана чексиз эмес. Пайдаланууда альтернативдүү энергия булактарын издөө жолдору барган сайын көбөйүп уланууда. Оң божомолдоолорго караганда 50 жылдык муктаждыгыбызды камсыздай турган резердерибиз бар. Өнүккөн өнөр жай жана урбанизация энергия муктаждыгын аттырууда. Шамалдан, күндүн нурунан, толкундардан электр энергиясын өндүрүү жана колдонуу барган сайын көбөйүп баратат. Таштандылар кайрадан иштетилип колдонулууда. Чернобылда болгон атомдук кырсык, Японияда жер титирөөнүн айынан атомдук станциянын зыян тартышы булар экологиялык апааттарга айланууда. Ал эми Түркияда курулуп жаткан жаңы муундагы атомдук станцияларга карата коопсуздук чаралардын арттырылуусу, ишенимдүү энергия өндүрүлүүсү жана ушунун негизинде энергетика тармагында тышка көз карандылыктын азайтылышы максатталууда.
Бир гана улуттук эмес дүйнөлүк масштабда экологиялык саясаттарды жүргүзүп жер шарын коргоо адам баласы катары негизги милдетибиз. Дүйнөдөгү эң чоң токойлордун бири болгон Амазонканын чытырман токойлорунун жок кылынышы жер шарынын атмосферасына коркунуч туудурууда жана ага бөгөт коюлушу керек. Уйдун эти тарыхта болуп көрбөгөндөй көп желе башташы атмосфера үчүн коркунучтуу. Бодо мал бакканда пайда болгон газ атмосферага залакасын келтирип жатат. Ал эми автоунаалардан чыккан уулуу газ адамдын ден соолугуна зыян тийгизип, атмосферанын ичкеришине себепчи болууда. Акыркы жылдарда дүйнөнүн төрт тарабында унаалардан чыккан уулуу газдарды азайтууга карай ар кандай технологиялар өнүктүрүлүп жатат. Дезодорантттарда колдонулган газдар да атмосферага терс таасирин тийгизүүдө. Реактивдүү учактардан чыккан газдын да жаратылышка терс таасирлери бар. Бул терс жагдайлардын барын жоюу үчүн илимпоздор өнүктүрө турган технологиялар өтө маанилүү.
Биз жашай турчу башка жер шары жок. Бул дүйнөдө жашап кеткен улуу гений Стивен Хокингдин сунушу сыяктуу бүгүнкүдөн эртеңкиге чейин «жаңы жер шарларын» таап ал жерлерде жашай албаганыбызга караганда айлана-чөйрөнү коргоп жана жер шаарын жашаганга боло тургандай кылуубуз керек. Жаратылыш темасында жоопкерчиликти жогорулатуу жана дүйнөнүн жалпысындагы мамлекеттердин жана коомчулуктардын маалыматтандырылуусу келечек үчүн эң чоң ишеничибиз болот. Табигый жана таза айлана-чөйрө келечектеги муундарга берилүүчү эң чоң мурас болуп саналат.
Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүңүздөр менен!


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар