Стамбулдун каратылган күнү

Стамбулдун каратылганына 562 жыл толду.

296796
Стамбулдун каратылган күнү


Стамбулдун каратылган күнү
Стамбул-балким дүйнөнүн эң кооз шаарларынан бири. Көздүн жоосун алган, эки материкти бири-биринен бөлүп турган кысыктын миң түркүн түстүү кооздугу менен көңүлдөрдү буруусун улантууда.
Рим императору улуу Константин 330-жылы учурда Стамбул деп билинген мурдагы Византия аттуу шаарда Нова Рома б.а. Жаңы Рим деген аталыштагы шаар курду. Бул шаар кийинчерээк Константинополис б.а. Константин деген ат менен даңазаланмак. Рим имперторлугунун борбор шаары эми бул калаа болуп калды. Соода жолдорунун боюнда болушу, борбор шаардын ушул жерге көчүрүлүшүндө эң маанилүү таасир эле. Шаарда аз убакыттын ичинде Римде орун алган бардык имараттар тургузула баштады. Соода менен бирге императорлукта ылдам жайылган христиандыкка Константиндин көңүл бурушу,борбор шаардын бул жерге көчүрүлүшүндө негиз болгон. Константин бир тараптан бутпарас Рим ишеничтерин улантса, экинчи тараптан христиандарга эркиндик берди. Анын карамагында 325-жылы Изникте чогулган Консил (кеңеш), жүздөгөн инжилди учурда ишенилген 4 инжилге түшүрдү. Өлүм төшөгүндө чокунулуп, христиан болгонуна ишенилүүдө. 395-жылга келгенде Рим империясы экиге бөлүндү. Батыш бөлүмү Рим шаарынан башкарылып жатканда, Чыгыш бөлүмүнүн борбор шаары Константинополис болчу. Батыш Римдин кыска мөөнөттө кулашынан кийин, Чыгыш Рим 1000 жылдан ашуун өкүм сүрдү. Император Юстиниан доорунда Батыш Римдин территориясы да Чыгыш Римдин карамагына өттү. 16-кылымга жеткенде жаңылыш ат коюунун жыйынтыгында Византия императорлугу катары колдонула баштады.
Түрктөрдүн 1071-жылы Византия императорлугу менен болгон Малазгирт согушун жеңип чыгышынан кийин Анадолуну б.а. Дияр-и Румду жердеп калышы менен тарых өзгөрө баштады. Түрктөрдүн көзүндө Анадолу, Рум-Рома өлкөсү болчу. Румели деп аталган жерлер ылдам түрдө түрктөр тарабынан каратылып, чыгыштан келген калың уруулар Анадолуну жердеп калышты. Кийинчерээк Фракия жана дагы алыстагы Европа жергеси румели деп аталып калды.
Анадолу Селжук доорунда византиялыктардын колунда калган шаарлардын да түрктөрдүн колуна өтүшү уланды. Анадолуга жаңы келген уруулардан кайылар өздөрүнө журт кылып алган Сөгүт аймагында Осмон мамлекетин курду. Осмон мамлекети ылдам түрдө батышты көздөй жайыла баштады. Византиянын шаарлары бир-бирден Осмондуктардын колуна өтүп жатты. Булардан эң чоңу Бурсанын алынышы, осмондуктун батышты көздөй жайылышына өбөлгө түздү. Чанаккале кысыгынан Фракияга өтүлүшү менен Европа жүздөгөн жыл улана турган Осмон түрктөрү менен беттешип жатты. Кыска мөөнөттүн ичинде Эдирне алынды жана борбор шаар кылынды. Осмондуктар Европада туруктуу боло тургандарын дос-душман бардыгына көрсөттү. Стамбул эки материкке жайылган осмон жерлеринин ортосунда калган. Жерлери ылдам кичирейген Византия Осмон жерлеринин ортосунда калды. Жерлери ылдам кичирейген Византия шаар мамлекетине айланды. 1451-жылы тактыга олтурган 2-Мехмет абдан мыкты билим алган лидер эле, технология жана илимдин маанисин билген. Мугалимдеринен тынымсыз түрдө «Константинополис албетте багындырылат. Аны багындырган командир кандай сонун командир, аны багындырган аскер кандай сулуу аскер» деген ураанды угуп чоңойду. Кыска мөөнөттө өзүнө борбор шаар кылыш үчүн Стамбулду багындырууга чечим чыгарды. «Же бул шаар мени алат, же мен бул шаарды алам» дечү.
Мындан мурда көп жолу курчалып, бирок улуу Константин салдырган бийик чептерден улам эч багындырыла албаган шаарды колго алыш үчүн чоң замбиректерди жасатты. Осмон империясынын төрт тарабынан келген бөлүктөр менен 1453-жылы апрелде Стамбул шаары ар тарабынан курчала баштады. Бир огу 550 кг салмактагы чоң Шахи замбиректери менен шаардын чептери атыла баштады. Удаама-удаа болгон бардык кол салууларга карабастан чептерден өтүлгөн жок. Деңизден Халичке кирүү византиялыктардын Стамбул менен Галатанын ортосуна тартылган чынжыр менен тосулган эле. Галатанын беттеринен сүйрөлгөн кемелердин кургактыктан Халичке түшүрүлүшү менен шаарды коргоочулардын көңүлү чөктү. Курчоодо жаңы фронт ачылган болду. 1453-жылы 29-майда Улубатлы Хасандын чептерге Осмон туусун сайышы менен жыйынтыкталган чабуул менен шаар каратылды. Акыркы Византия императору шаарды коргоп жатып жан берди.
Стамбулдун каратылышы менен Осмон мамлекети империяга айланды. Фатих Султан Мехмет катары таанылган Падышанын каттарында өзүн жаңы сезар б.а.император катары аныктай баштады. Шаарларды коргогон чептердин замбирек менен курчалганда коргоно албай турганы көрүндү. Стамбулдан качкан чебер жана илимпоздор Европада ронесанс жана реформаларды күчөттү. Европалыктар түрктөрдүн илгерилеши жана жогорулоосун илим жана санатка багыттады. Орто кылымдын консервативист көз карашы ордун эркин, илимий өнүгүүлөргө калтырылды. Дүйнө тарыхы кайра жазылып жаткансыды. Жибек жана татымал жолдорунун түрктөрдүн колуна өтүшү, Европада соодалык товар бааларын жогорулатты. Индияга жетип дагы арзан соода кылыш үчүн батышка бараткан кеме саякатчылары Америка материгине жетип географиялык табууларды жана эксплуатациялык мезгилди башташты...
Осмон жана түрк тарыхы жагынан Стамбулдун каратылышы маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келди. Эми жаңы аскердик жана экономикалык күч пайда болду.. Бул түрк маданиятынын айырмачылыгын өзүнөн башкача маданияттарга жайылтуу жана толеранттуулук менен мамиле кылуу эле. Христиан жана еврейлерге өз диндеринде эркин жашай алууга шарт түзүлүп, өз сот системаларын ишке ашыра алышкан ыйгарым укуктар берилди. Мусулман болбогондор мамлекет башкаруусунда садразамлык, вазирлик, пашалык сыяктуу маанилүү кызматтарга келтирилди. Булардан алгачкы мисал акыркы Византия императорунун жээни, сарайда жашоосун улантып, мусулмандыкты кабыл алып садразамлык кызматын кылган Месих Паша болчу.
Ташы топурагы алтын деп аныкталган Стамбул учурда да дүйнөнүн көздөлгөн жерлеринин бири. Космополит түзүлүшү менен ар бир уруудан, ар бир расадан адам жолугушкан дүйнөлүк шаар болушун улантууда. Келечекте да ушул эле өзгөчөлүгү менен жашоосун улантат, Стамбул...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар