Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары Кастамонуда каралды

«Эл аралык өтмүштөн учурга чейин Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары» аттуу симпозиумга Кыргызстандан өз тармагынын адистери катышты.

289749
 Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары Кастамонуда каралды

22-24-май күндөрүнүн арасында Түркиянын Кастамону шаарында «Эл аралык өтмүштөн учурга чейин Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары» аттуу симпозиум өттү.
Симпозиумду Кастамону университети менен Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилиги биргелеше өткөрүштү. Симпозиумда Түркия менен Кыргызстандын ар тармактагы карым-катнаштары каралып, Кыргызстандан жана Түркиядан өз тармагынын адистери келип баяндама жасашты.
Симпозиумдун расмий ачылышы Кыргыз Улуттук гимни жана Түрк Боштондук гимнинин ойнолушу менен башталып, Кастамону университетинин ректору, проф.Сейит Айдын жана шаар башчысы Тахсин Бабаш үй ээси катары сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов жана Кастамону облусунун валиси Шехмус Гүнайдын өз ойлорун айтып өтүштү.
Анда проф. Сейит Айдын: «Түркстан аймагында эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын өнүгүшү үчүн маанилүү иштерди аткардык. Бир топ темада жол баштап бергенге аракеттендик. Акыркы 4 жылда Түркстан аймагында жасаган академиялык эмгектердин үзүрүн көрө баштадык. Мындан мурда 2014-жылы апрель айында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда «Манас» симпозиумун жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында «Суу илимдери жана технологиясы» аттуу эл аралык симпозиумдарды өткөрдүк. Эми болсо эл аралык карым-катнаштар темасында өз милдетибизди аткарабыз. Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги менен бирге университетибизге жарышкыдай түрдө Түркстан аймагынын маселелерин чечүүгө жана карым-катнаштардын өнүгүшүнө салым кошууга аракет кылабыз. Орто Азиядагы туугандарыбыз менен дагы тыгыз байланыш түзүп, биргелеше илимий иштерди аткаруубуз керек»-деп айтты.
Расмий сөз сүйлөөлөрдөн соң Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовго Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын чыңдалышына кошкон салымдарынан улам Кастамону университетинин ардактуу докторлук наамы ыйгарылды.
Кыргызстандан келген коноктор ректорго Ала-Тоодон ала келишкен белектерин тапшырышты. Элчи Жунусов ректорго Кыргыз калпагын кийгизип, чапанын жапса, проф. Ишенгүл Болжурова Ала-Тоону чагылдырган кийиз буюмдарын ректор жана губернаторго тапшырды. проф. Гүлзура Жумакунова да өзү жазган «Токтогул ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр» аттуу китебин белек кылды. Ректор мырза да келген конокторду кур калтырбай Кастамону аймагына таандык кооздук буюмдарын белеке берди.
Симпозиумдун ачылышы «Картинадагы Кыргызстан майлуу боек сүрөттөрү» көргөзмөсү жана «Түрк урууларынын тамгалары» аттуу көргөзмөнүн кыдырылышы менен аяктады.
Симпозиум ар кыл темадагы отурумдар менен уланды. Мисалга алсак Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык карым-катнаштары, Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык алакалары, маданий жана билим берүү байланыштары сыяктуу негизги темаларда адистер ой-бөлүшүштү.
Аларга мисал бере кетсек; проф. Жусуп Пиримбаев жетектеген экономика боюнча отурумда Анкара университетинин доценти Сейрани Конжагүл Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар мекемелердин арасында өнүгүшү керектигин белгилеп, Түркияда Талаа чарба иштетүүлөрү башкы директорлугу (TİGEM), Талаа чарба изилдөөлөрү жана саясаттары башкы директорлугу (TAGEM) сыяктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө карай мекемелер бар экендигин жана Кыргызстандык адистердин ушул мекемелерге келип тажрыйба алуулары керектигин белгилеп кетти.
Ал эми Кыргыз Республикасынын салык системасын иликтеп чыккан Улудаг университетинин проф.Мехмет Йүже Кыргызстанда салыктын түрлөрү көптүгүн белгилеп, салыктын көптүгү адамдарда прсихологиялык таасир жаратаарын жана алардын ар бирин эсептөө да өзүнчө чыгым болоорун айтып, салыктын түрлөрүн азайтып мамлекетке конкреттүү салык топтолушун камсыздоо керектигин айтты.
Түркия менен Кыргызстандын билим берүү жана маданиятына байланышуу отурумда Славян университетинин ректорунун кеңешчиси, проф. Ишенгүл Болжурова Түркия башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кыргызстанга жеке эле университет деңгээлинде эмес мектептик базада да билим берип аларды келечекке даярдап жаткандыгын маалымдады.
Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын маданий карым-катнаштары боюнча КТРКнын координатору, «Жусуп Баласагун» атындагы университеттин проф. Байма Сүтенова Кыргызстан көз карандысыздык алганда алгачкы тааныган өлкө катары Түркиянын элчилиги Кыргызстанда ачылганын, Кыргызстандын элчилиги да Түркияда ачылганын жана ошол убактагы элчи Т.Океев маданий алакалардын пайдубалын түптөп кеткенин, аны улай «Манас-1000» жылдыгын Түркия мамлекетинин ТРТ телеканалы түз эфирде дүйнөгө чагылдарганын, 1998-жылы Диалог Евразия платформасы курулуп, анын төрагалыгына залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун шайланганы сыяктуу урунттуу окуялардын көз алдында элестеп турганын байма бай баяндап берип, мындан ары биргелеше ири теле-долбоорлордун үстүндө иштөөнүн убагы келгенин билдире кетти. Түркия Республикасынын Премьер-министрлигинен отурумда «Чоң студенттик проект» туурасында сөз сүйлөгөн доктор Бирол Док, Түркиядан окууларын бүтүрүп кеткен студенттердин учурда түрк тилдүү мамлекеттерде чоң кызматтарда иштеп жаткандыгын маалымдады.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий карым-катнаштар отурумунда сөз сүйлөгөн Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова, кыргыз тили менен түрк тилинин ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктарга токтолуп, Кыргызстандын латын алфавитине өтүүсү керектигин жана башка түрк тилдүү мамлекеттер менен бирге колдоно турган орток тил өнүктүрүп чыгуунун зарылдыгын баса белгиледи.
КР Жогорку сотунан келген адис Чолпон Касымбекова да Түркиянын укуктук системасы менен Кыргызстандын укуктук системасынын окшоштугун баяндап, кыргыз сот кызматкерлеринин Түркияга келип тажрыйба алуулары боюнча келишимдер түзүлгөнүн белгилей кетти.
Симпозиум мына ушул сыяктуу бир топ маанилүү темаларды талкуулоо менен өтүп, жабылыш отурумунда жыйынтык чыгарылып, симпозиумда каралган темалар китеп болуп басылып чыга турганы билдирилди.
Симпозиумдун үчүнчү күнү Кыргызстандан келген катышуучуларга Кастамону шаарынын тарыхый жерлерин жана токойлуу аянттарын кыдыртуу менен аяктады.

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

Видеону көрүш үчүн муну басыңыздар!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар