19 - Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы

Бүгүн жаштарыбызга арналган Жаштык жана спорт майрамы

267510
19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы

Биринчи Дүйнөлүк согушунда жеңилүүгө учураган Осмон императорлугу жана согушта болгондой союздаш мамлекеттердин арасында кол коюлган Монтро келишими менен согуш аяктады. Келишим менен бүгүнкү Түркия республикасынын территориялары бөлүшүлгөн болчу. Бирок андан киийн Парижде өткөрүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Монтродо берилген убадалардын токтотулуусу менен Измирдин грек армиясы тарабынан басылып алынуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыска убакта Стамбулга келген англис деңиз флотуна караштуу согуштук кемелер замбиректерин падыша жашап жаткан Долмабахче сарайына буруп якорь таштады. Жүздөгөн жыл көз карандысыз болгон, 3 континентте өкүмдүк кылган түрк калкы үчүн кара күндөр болуп жаткан. Падыша Вахдеттин сарайга чакырган Чанаккале согушунун каармандарынан Мустафа Кемаль Пашаны армиянын инспектору катары Анадолуга жиберди. 1919 - жылы 19 - майда Самсунда кургактыкка чыккан Мустафа Кемал улуттун туткун болбой турганын дос – душманга жарыялап Боштондук согушун баштады.
Амасияда жарыялаган билдирүү менен өлкөдөгү улуттук элементтерди басып алууга каршы туруштук берүүгө чакырган Мустафа Кемал Сивас жана Эрзурум конгресстеринде улуттун колдоосун алды. Стамбулга англистердин аскер жиберип парламентти таркатуусу жана депутаттардын камоого алынуусу менен басылып алынган Стамбул тышында улуттук бир парламентти куруу көз карашы алдыга чыкты. Эрзурумда чыгарылган чечим менен Анкарада ылдам түрдө көз карандысыз бир улут парламентинин курулушуна чечим чыгарылды. Андан кийин 1920 - жылы 23 - апрелде Анкарада Улуттук парламент чогулду. Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин армиялары жүргүзгөн күрөштүн акырында баскынчы армиялар жеңилип 1922 - жылы 30 - августта жеңишке жетишти.
Мустафа Кемалдын Самсунга карай жолго чыгуусу Боштондук согушунун башталышы катары баа берилүүдө. Жаштык жана спорт майрамы биринчи жолу 1935 - жылы 24 - майда «Ататүрк Күнү» деп белгиленген. Бул биринчи 19 - май Бешикташ спорт клубунун жол башчылыгында жана Фенербахче стадионунда Галатасарайдан да спортчулардын катышуусу менен өткөрүлгөн. 1938 - жылы 19 - Май Жаштык жана спорт майрамы катары майрамдалуусуна чечим чыгарылган. 1980 - жылы «Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы» деп аталган. Майрам Түркиянын төрт тарабынан спорттук иш чаралар жана салтанаттар менен белгиленүүдө. «Жаштыктан Ататүрк сүйүүсү менен президентке» деп жазылган жана «Сүйүү байрагы» деп аталган чоң түрк байрагы Самсундан Анкарага чейин спортчулар тарабынан алып келинет. Бул жылы да 19 - Май салтанаттарында Анкарада президент Р. Т. Эрдоганга сунушталат.
Майрамда бир тараптан боштондук согушунун командири Гази Мустафа Кемал пашаны эскерилип, бир тараптан жаштыкка жана спортко маани берилүүдө. Республиканы курган, улуттук аң – сезимди күчтөндүргөн Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы куттуу болсун.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар