Үй-бүлө жумалыгы

Бүгүн үй-бүлө жумалыгы башталды.

276081
Үй-бүлө жумалыгы


Коомчулуктун негизги катмарын түзгөн үй-бүлө биз төрөлүп, чоңойгон, үйрөнгөн жана тарбия алган ыйык уя. Сүйүүнүн негизинде адамдар бири-бирине туугандык жолу менен байланышкан бирдей тагдырды бөлүшкөн түзүлүш. Ушундай жылуу уяга ээ болуу ар бир адамдын табигый укугу.
Үңкүрлөрдөн чыгып алгачкы үйлөрдү салгандан кийин айылдардын пайда болушу менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогуу жашоо эрежелери жана жоопкерчиликти бөлүшүүcү ишке ашты. Адам баласы алгачкы доорлордон тарта өнөр жайы өнүккөн коомго чейин кеңири үй-бүлөлөр түрүндө жашап келген. Ата, эне, балдар, үй-бүлөнүн улуулары, балдардын жубайлары жана алардын балдары чогуу турушчу. Социологиялык жактан айрым коомчулуктарда ата, ал эми айрым коомчулуктарда эне башкаруучу болгон. Үй-бүлө башчысы, абалга жараша же ата же эне болуучу. Үй-бүлө маселелерин чечүүдө алар жалгыз өзү жооптуу эле. Коомдун өзгөрүүсү өнөр жай менен технологиянын экономиканын өнүгүүсү негизинен үй-бүлөнүн таркашына жана жайылышына себепчи болду. Учурда үй-бүлөлөр салттык үй-бүлө түзүлүшүнүн тескерисинче дагы эркин. Үй-бүлөгө байланыштуу темаларда абалга жараша балдар менен катар үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү өз пикирлерин айтып, ишке ашыра алышат.
Биздин маданиятыбызда үй-бүлө ыйык болуп саналат. Үй-бүлө байланыштары жана карым-катнаштары бир тараптан салттык экинчи тараптан диний жактан түзүлүп формаланган. Үй-бүлө мүчөлөрү улууларга урмат-сый көрсөтсө, улуулар урмат сый менен кичүүлөргө кучак жаят. Тилектештик эң жогорку деңгээлде болот. Ар бир адам башына мүшкүл иш түшкөндө алгач бир туугандарына барат. Ошондой эле бир тууганынын кыйынчылыгын укканда дароо ишин таштап жардамга келет. Ал маселени чечүү үчүн колунан келген аракеттерин жасайт.
Осмон аймагына жайылган тармакта салттык түрк үй бүлөлөрүндө 10дон ашуун адам чогуу жашай алчу. Үй-бүлөнүн муктаждыктарына жараша курулган үйлөрүбүз ынтымактын булагын түзөт. Айылдар шаарга айланып чоң-чоң имараттардын салынышы заманбапташууну алып келсе экинчи тараптан үй-бүлө жашоосуна да таасирин тийгизүүдө. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда адамдар эң бактылуу болгон жер үй-бүлө мүчөлөрү менен убакыт өткөргөн үйү болуп саналат.
Коомчулугубуздун негизин түзгөн жана келечекти формаландыра турган жер ыйык үй-бүлө. Өнөр жайдан кийинки коомчулукта айрым терс жагдайлар да болуп жатат. Үй-бүлөнүн акырындык менен таркашы, айрым өлкөлөрдө 18 жашка келген жаштардын үйлөрүнөн чыгып кетиши сыяктуу окуялар коомчулуктун келечеги үчүн коркунуч туудурууда. Ушундай коомчулуктарда үй-бүлөгө муктаждык болбогону сыяктуу пикирлер ылдам жайылууда. Балалуу болуну каалабоо же баланын атасыз чоңоюшу үй-бүлөнүн келечегине коркунуч келтирүүдө. Үй-бүлө түзүлүшүндөгү маселелер коомчулуктун туруктуулугуна, экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизип жатат. Өнөр жай өнүккөн коомчулукта ушул сыяктуу кыйынчылыктардан коргонуунун жолу үй-бүлө түзүлүшүнүн күчтөндүрүлүшү жана шыктандырылышы менен бекем сактап калса болот. Коомчулуктун корголуусу үчүн бири-бири менен тыгыз байланышкан адамдардан турган үй-бүлө куруу керек. Жекелешүүнү алдыга чыгарып жатканда жалгыз кишилердин биригүүсүнөн турган үй-бүлөнү унутпашыбыз керек. Үй-бүлө түзүлүшүн коргоп жатканыбызда үнүбүз жеткен ар бир адамга, жакыныбызга ар дайым жакшы сөздөрдү айтуу менен, алыста болсо телефон чалып кабарын алып, алжайын сурап турууга чакырабыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар