23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы

ЮНЕСКО 1979 - жылды балдар жылы деп кабыл алды.

249583
23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы

Бүгүн 23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы. 23 – апрель бүткүл дүйнө балдарынын да кошулуусу менен майрамдалууда. Бул майрам биз үчүн улуттун эгемендигин колуна алган жана көз карандысыз жашоо чечкиндүүлүгү бүткүл дүйнөгө жар салынган күн.
1920 – жылы Осмон императорлугунун Биринчи дүйнөлүк согушунда союздаш болгон Германия жана башка өлкөлөрдүн багынуусу менен жеңилген болчу. Монтро келишими жана андан кийин кол коюлган Севр келишими менен өлкөнүн территориясы жеңген мамлекеттердин басып алуусуна ачылды. Согушта жеңген өлкөлөр башта болуу менен борбор шаар Стамбулду жана өлкөнүн маанилүү бир бөлүмүн басып ала баштады. Грек армиясынын Измирди басып алуусу менен түрк улутчулдарынын каршы чыгуусу эң туу чокусуна чыкты. Акыркы осмондук падышасы Султан Вахдеттин Стамбулда каршы чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектүү экенин көрүп, Чанаккале согуштарында көрсөткөн ийгиликтер менен белгилүү болгон жана андан мурда жардамчысы болгон Мустафа Кемалды 9 - армиянын текшерүүчүсү катары Анадолуга жиберди. 1919 - жылы 19 - майда Мустафа Кемалдын Самсунга баруусу менен баскынчыларга каршы улутчулдук күрөшү башталды. Сивас жана Эрзурумда чогулган конгресстерде чыгарылган чечим менен түрк улутунун келечегин жеңген мамлекеттердин эмес өз эркинин коргой турганы боюнча пикири абдан чоң колдоо көрдү. Чыгарылган чечим менен Анкарада улуттук бир парламенттин түзүлүшүнө чечим чыгарылды. 1920 - жылы 23 - апрелде Осмон императорлугунун төрт тарабынан шайланган депутаттардын катышуусу менен Түркия Жогорку Улуттук Парламенти ачылды. Бул жерде чогулган каарман депутаттар улуттун келечегин өзү белгилейт деген пикир менен көз карандысыздык жана басып алуучулукка каршы күрөшүү чечимин ишке ашыра баштады. Улуттук күрөшүү пикирин колдогон армия бөлүктөрүнүн төрт бир тараптан чогулуусу менен жана улуттун эрки менен Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин армиялары көз карандысыздык күрөшүн жүргүздү. 1922 - жылы 30 - августта баскынчы күчтөргө каршы болгон согушта жетишилген жеңиш андан кийин кол коюлган Лозанна келишими жаңы Түркия республикасынын түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк түздү.
1924 - жылы 23 - апрелде Жогорку Улуттук Парламентинин курулушунун майрам катары бегиленүүсүнө чечим чыгарылды. 5 жылдан кийин 1929 - жылы 23 - апрелде бул майрам парламент тарабынан балдарга белек кылынды. 1929 - жылдан баштап Улуттук эгемендик жана балдар фестивалы катары майрамдалууда.
ЮНЕСКО 1979 - жылды балдар жылы деп кабыл алды. Түркия теле – радио мекемеси Эл аралык 23 - Апрель балдар фестивалын баштатты. Ушунун саясында бир гана түрк балдары тарабынан белгиленген майрам эл аралык өлчөмгө жетти. Жыл сайын орточо 40 өлкөнүн катышуусу менен майрам өткөрүлүүдө. Дүйнөнүн төрт тарабынан келген балдар мугалимдери менен бирге түркиялык балдар жана мугалимдер менен таанышууда. Балдар фестивалы 2000 - жылга чейин Анкарада андан кийин Стамбул, Анталья, Измир сыяктуу чоң шаарларда өткөрүлүп келген. Бул жылы дүйнө балдары Антальяда айнектен жасалган пирамидада жолугушат. 37 - уюштурулган балдар фестивалынын галасы көптөгөн иш чара менен өткөрүлөт жана ТРТ экрандарында эфирге чыгат.
Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктап, бүткүл дүйнө балдары менен бул кубанычты бөлүшөбүз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар