Түркиядан көз ирмемдер - 6

Троя

74499
Түркиядан көз ирмемдер - 6

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде катталган байыркы Троя шаары, Каз тоосу байыркы Ида тоосунун этектеринде Чанаккалеге 30 километр алыстыкта орун алган. Трояга Чанаккале – Измир кургак жолунан бөлүнгөн 4 километрдик жол менен барууга болот. Гомердин Иллияда дастанына тема болгон Троя шаары тарыхта маанилүү отурукташуу жери болгон. Гомердин дастанында аты аталган Троя королу Приамостун казыналарын табуу максатында немис соодагер Шлиман биринчи жолу мыйзамсыз түрдө бул жерде 1871 – 1890 –жылдардын арасында казууларды жасаган. Троя королунун казынасынын табылганын дүйнөгө жарыялагандан кийин бул шаар дүйнөгө белгилүү боло баштайт. Андан кийинки жылдарда археологиялык казуулар ар башка илимпоздор тарабынан улантылат. Немис Дерпфельд жана Корфман менен америкалык Блеге ар башка убактарда казуу иштерин аткарып жана бул шаардын хронологиялык түзүлүшүн ортого чыгарган маанилүү ысымдар. Троя шаарынын тарыхы өткөн күнү биздин заманга чейинки 3000 менен биздин замандын 500 – жылдарынын арасында өнүккөн. Казуулардын саясында шаардын 9 – маданият катмары ортого чыгарылган. Бул катмарлар бири биринин үстүнөн орун алган жана тогуз башка шаардын калдыктарын билдирүүдө.
1 – Троя биздин заманга чейинки 3000 – 2500 – жылдардын арасына катталган. Бул эң эски отурукташуу жери Хисарлык коргонунун он алты метрдик бийиктиктеги бир аскага курулганы көрүнүүдө. Түздүктө жасалган бургулоолордон азыркы күндөн алты миң жыл мурда бул жерде терең болбогон бир булуңдун бар экени билинген. Бул жерге отурукташкан алгачкы инсандардын үйлөрүнөн чыгып деңизге барганы болжолдолууда. 1 – Троянын диаметри 90 метр болгон жана тегереги коргон менен курчалган отурукташуу жери экени болжолдолууда. Ушул күнгө чейин келген чеп мунара жана мегарон үй калдыктары бул отурукташуу жерлеринин акыркы этабына таандык. Бул алгачкы отурукташкан калктын кайдан келгени жана тили билинбейт. Бирок чеп менен курчалган кичинекей айыл көрүнүшүндө болгон бул отурукташуунун калкы мал багуу менен күн өткөргөн. Аңчылык, балыкчылык менен алектенип, өндүргөн коюу түстүү керамика менен күн өткөргөнү билинүүдө.
2 – Троя биздин заманга чейинки 2500 – 2200 - жылдарга катталган. Бул катмарда ортого чыгарылган табылгалар да шаардын эрте коло доорунда аз кездешкен иреттүү шаар планын көрсөткөнү көрүнүүдө. Бул жерде табылган эки каттуу мегаронун королдук сарайы болгону ойлонулууда. Бул курулуштун дубал калыңдыгынын бир жарым метр экени, дубалдары менен бирдикте кеңдигинин он үч метрге, узундугунун 35 – 40 метрге жеткени көрүнүүдө. Казуулар учурунда табылган алтын же күмүш кооздук буюмдарынын көпчүлүгү чоң мегаронун ичинде же тегерегинде табылган. Бул катмарда бир топ кичинекей мегарон да табылган. Мегарондордун алдындагы короонун түштүк батышында экинчи бир каалга болгон. Бул каалгадан башталган 21 метр узундукта жана жети жарым метр кеңдиктеги түздүккө кирген рампалуу каалга кириши жана эки жагында созулуп жаткан чеп бар, булар 2 – Троя шаарынан күнүбүзгө калган эң кооз үлгүлөр. Чептердин түбүндө андан кийин «Приамостун казынасы» деп атала турган казынаны тапканын ойлогон Шлеман бул шаарды Гомер сөз кылган шаар катары аныктайт, бирок жаңылат.
Троя урандыларына жакындаганда биринчи болуп көңүлүбүздү бурган чоң бир жыгачтан жасалган ат бар. Троя согушунун акырында колдонулган жыгачтан жасалган ат сыяктуу бул да Каз тоосунан алып келинген карагайлардан жасалган. Бүгүн бул жыгачтан жасалган ат зыяратчылардын Троя согушун дагы жакшы жандандырууларына жардамчы болууда. Бул ат Троя шаарынын символу болгон. Ат жасалып жатканда жыгачтан жасалган оригинал аттын ар түрдүү чыгармалардагы сүрөттөөлөрдөн пайдаланылган. Бул жыгачтан жасалган ат негизинен алтынчы Троя, Гомер сөз кылган Троя шаары менен байланыштуу. Бул шаар биздин заманга чейинки 1800 – 1275 – жылдарга катталган. Жаңы бир шаар катары курулган. Король сарайы жана отурукташуу аянты 20. 000 метр квадрат. Жаңы курулган жана алты метрден ашкан бийик чеп дубалдары 550 метрдик узундукта. Төрт бурчтук таштардан жасалган жана чептен тышка ашып турган мунараларга ээ. Шаардын калкынын санынын 7000 киши экени болжолдолууда. Алтынчы Троя жаңы бир маданияттын жашоосун көрсөтүүдө. Башкача айтканда бул шаардын бул жерге түндүктөн келгени болжолдолгон жаңы көчмөндөр тарабынан курулганы ойлонулууда. Алтынчы Троя казууларында табылган жана ал мезгилге чейин бул жердеги отурукташуу жерлеринде эч кездешилбеген аттын скелети бул жаныбардын Трояга жаңы келгендер тарабынан алып келингенин көрсөтөт жана Гомердин «Иллиядасында» аты аталган «аттары менен белгилүү Илиос» же «аттарды абдан жакшы чаптырган троялыктар» сыяктуу саптарын эске салат. Аймакта мезгилдин эң өнүккөн шаары болгон алтынчы Троянын чеп дубалдарындагы терең жараңкалар бул шаарда жер титирөөнүн болгонун жана ушул себептен күчү кеткен чептердин саясында алынганы болжолдолууда. Алтынчы Трояга таандык каттарда табылган буюмдар жергиликтүү маданият менен бирге Киклад аралдарынан, Грек жарым аралынан жана Криттен келген таасирлердин бар экенин көрсөтүүдө. Бул табылгалар шаардын өнүккөн соода карым – катнаштарын далилдейт.
Эллендик мезгилде коргондун эң бийик жеринде Атена храмы курулган. Бул мезгил сегизинчи Троя катмары жана биздин заманга чейинки 700 – 350 – жылдарга катталган.
Тогузунчу Троя катмары Рим мезгилине таандык жана биздин заманга чейинки 350 – биздин замандын 400 – жылдарына катталган. Бул мезгилге таандык бир театрдын курулушу ортого чыгарылган. Түздүккө жана деңизге жакын болгон жана он миң кишини ичине алары ойлонулган бул курулуштан абдан аз нерсе калган. Археологиялык казуулар менен сахна имараты жана оркестр калдыктарынан бир бөлүгү ачыкка чыгарылган.
Троя шаарынын баяны дүйнөдө көп сандаган театр жана кино чыгармасына тема болгон. Гомердин чыгармасынан таасирленген бардык бул курулуштар шаардын тарыхтагы маанисин жана өнүгүүсүн көрсөтөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар