Түркия жана дүйнө күн тартиби - 79

121947
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 79

Түркияда жана башка ислам өлкөлөрүндө Рамазан айы башталды. Орозо кармоо ыбадатын орундатууну каалаган мусулмандар бир ай ыйык атмосферанын ичинде болушат. Бирок Рамазан бир гана күндүн чыгышынан батышына чейин орозо кармоо менен эле чектелбейт. Аны менен бирге мусулмандар мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында кураан окуп хатым кылышат, окубаган намаздарын окушат, зекет беришет, чыр – чатактан, жаман сөздөн алыс болушат. Ошондуктан Рамазан атмосферасы диний ыбадаттар менен бирге экономикалык, социалдык, психологиялык жактан иш алып барууну да камтыйт. Рамазан айынын адам, коом, турмуш жана ал түгүл дүйнө системасы боюнча олуттуу жыйынтыктары жана таасири бар. Жок дегенде теориялык жактан рамазан айынын мында ушундай философиясынын бар экени айтыла алат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Өзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Рамазан оболу жеке кишилердин руханий жана материалдык жактан жетилүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Орозо кармаган мусулман бир ай жана бул жайдын ысыктыгында 17 – 18 саатка жакын ачка жана суусуз болот, дээрлик бардык каалоолорунан алыс турушу керек. Толугу менен адамдын өз эрки менен жасалган бул ыбадат, адамга маанилүү өзгөчөлүктөрдү алып келет. Сабырдуу болууну, дурус жана жакшы адам болууга аракет кылат; азык – түлүктүн жана суунун маанисин билет. Табитин жана каалоолорун текшерүүгө ала аларын билет жана булардын баары адамдын жетилүүсүнө салымын кошот. Кыйынчылыктарга туруштук берүүнү үйрөнөт. Ушундайча адам өзү менен жаратуучусу болгон Алланын арасындагы байланыш дагы да күчтөнөт. Ушул алкакта маанилүү бир каражат бир ай Куран окуу болот. Куран Рамазан айынын ичиндеги Кадыр түндө Азырети Мухаммеддин жардамы менен жер бетине түшүрүлө баштаган. Ушул себептен Рамазан айы Куран айы деп да аталат. 1500 жылдан бери улантылып келген хатым салты Курандын дагы жакшы түшүнүлүшү үчүн мүмкүнчүлүк болот. Рамазан айында жасалган иш чаралардын социо – экономикалык таасири жана жыйынтыктары бар. Орозо, зекет сыяктуу ыбадаттар коомдук жардамдашуу жана тилектештик карым – катнаштарын күчтөндүрөт. Адамдардын бири бирине мээрим салуусу, бири бирине жакшылык кылуу сезимдерин күчтөндүрөт. Бир тараптан керек болсо парз жана окулбаган намаздар керек болсо топ түрүндө Куран окуу, адамдардын арасындагы диалогду бекемдейт. Буга бирдикте ифтар тамагы менен зоорлукту бирге кылууну кошуу керек, бул болсо Рамазан айынын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири. Булардын баары маалада, шаарда, өлкөдө жана аймактардын арасында социалдык, экономикалык жана психологиялык өнүгүүгө салымын кошорун айтууга болот. Рамазан айынын бул жыйынтыктарды жана таасирди берүүсү кубантуучу абал. Бирок буга окшогон жыйынтыктар мусулман өлкөлөрүнүн арасындагы карым – катнаштарда көрүнбөйт. Бирок Рамазан айында да мусулман өлкөлөрдүн кээ бирлеринде болуп жаткан абалдар улантылууда. Бир тараптан мусулмандар орозо ыбадатын аткарып жатса, бир тараптан Иракта, Сирияда, Палестинада жана башка өлкөлөрдөгү бир топ мусулмандар кыйынчылыктарды тартышууда. Баарыбыз билген бул кыйынчылыктарды тизмелей турган болсок абдан көп. Булардан эң негизгилеринен сөз кыла турган болсок. Тизменин башында мусулман өлкөлөрдүн арасында Рамазан айынын башталышы жана бүткөн күнү тууралуу келишпестикти алып келүү керек. Мусулман өлкөлөрдүн башкаруулары ондогон жылдардан бери Рамазандын башталышына негиз кылып айдын көрүлүүсүндө келише алышпай жатат. Бул жылы да ушул эле негиз менен Рамазан айы Түркия жана башка кээ бир өлкөлөрдө 28 – июндан баштаса, башкаларында 29 – июнда башталды. Жаңы тууган айдын көрүнүшү маселеси деп билинген бул маселе 1970 – жылдардан бери чечилбей келет. Мусулман өлкөлөрдүн арасында Рамазан келишпестиги эгерде муну менен эле калса мынчалык маанилүү болбос эле. Бирок маселе абдан чоң; Рамазан айынын ичинде мусулман өлкөлөрдөгү кишилер бири бирин өлтүрүүнү улантышууда. Ал түгүл кээ бирлери муну ислам дининин маңызында болбогон шииттик – суннилик сыяктуу саясий бир максатта колдонушууда. Азырети Пайгамбар мезгилинде Рамазан айы жана ыйык айларда курал үндөрү өчүп, согуш токтоп турчу, бирок бүгүн ислам өлкөлөрү бул салтка көңүл бурбай жатышат. Рамазандын таасиринен алыс, Сирияда, Иракта, Афганстанда мусулмандардын каны агууну улантууда. Албетте маселелердин пайда болуусунда эл аралык саясаттын да таасири бар. Тактап айтканда маселе бир гана мусулмандардын, мусулман өлкөлөрдүн жана коомдордун колунда эмес. Алардын күчү жетпей турган дүйнөлүк система фактору бар. Албетте бул абдан маанилүү элемент, бирок бул факторлор мусулман өлкөлөрүнүн арасында кагылышуунун негизи болбошу керек. Бир эле кураанга жана пайгамбарга ишенген мусулмандар жана башкаруучулардын Рамазан айы сыяктуу бир мүмкүнчүлүктү акылдуулук менен колдонуусу керек. Бардык саясий кагылышууларды бир тарапка таштоолору керек. Мусулмандардын бир тууган экенин жана араларындагы маселелерди тынчтык менен чечүүлөрү керектигин эстөөсү керек. Диндин негизги максаттарынын бири да ушул. Акыйкаттан да Рамазан рухунун адамзаттык, коомдук жана өлкө деңгээлиндеги оң жыйынтыктары аккан кандар жана болгон кыйынчылыктардын алдында таасирин жоготуп жатат. Мусулман өлкөлөрдүн арасындагы кагылышуулар мусулмандардын ифтар жана зоорлуктун бакытына көлөкө түшүрүп жатат.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар