Евразияга сереп салуу-27

Чыгыш өнөктөштүгүнө кирген мамлекеттердин тышкы саясаттагы оор тандоолору.

121069
Евразияга сереп салуу-27

Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Европа Биримдиги менен байланышта болгон «Чыгыш өнөктөштүгүнө» мүчө мамлекеттердин тышкы саясаттагы тандоолору тууралуу сөз кылабыз.
28-июнда Украина, Грузия жана Молдова Европа Биримдиги менен экономикалык кызматташтык келишимине кол коюшту. Брюсселдеги жыйында келишимге Молдованын премьер-министри Лурье Лянке, Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Украинанын президенти Петр Порошенко жана Европа кеңешинин төрагасы Херман ван Ромпей менен Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу кол коюшту. Эми Европа Биримдигине мүчө 28 мамлекеттин лидерлери 1135 барактан турган келишимге кой коюшу керек.
Келишимге кол коюу аземинде сөз алган Украинанын президенти Порошенко, келечекте Европа Биримдигине мүчө болуш үчүн бул келишимдин маанисинин зор экендигине токтолуп, толук даяр болгондо Европа Биримдигине мүчө болууну каалашканын билдирди. Буга чейин, 21-мартта Украина менен Европа Биримдигинин ортосунда саясий кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган болчу. Украина бийлиги бул келишимге кол коюу аркылуу экономика жаатында Европа Биримдиги стандарттарына өтүүнү жана Европа Биримдиги менен эркин соода келишимине кол коюуга ыраазы экендигин тастыктады. Кол коюлган келишим боюнча Украина 7-10 жыл аралыгында Европа базарына ылайыкташып, бажы салыгын акырындап азайтууга жетишет.
Европа Биримдигинин чыгыш тарапка жайылышын опуза катары кабыл алган Россия келишимге нааразы. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, келишим Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин экономикалык зоналарына терс таасирин тийгизсе бажы артыкчылыгынын жокко чыгарыла турганын билдирди. Вице-премьер-министр Игорь Шувалов болсо, бул маселе боюнча Москванын бир жактуу чечим кабыл алышы мүмкүн экендигин айтып өттү. Россиянын тышкы иштер министринин жардамчысы Григорий Карасин Украина жана Молдова үчүн бул келишимдин «маанилүү жыйынтыктары» болоорун баса белгиледи.
Баарыбызга белгилүү болгондой эле «Чыгыш өнөктөштүгү» Европа Биримдигинин эски советтик өлкөлөр болгон Азербайжан, Армения, Белорусия, Молдова жана Украина менен кол койгон кызматташтык программасы болуп эсептелет. «Чыгыш өнөктөштүгү» Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскийдин сунушу жана Швециянын колдоосу аркылуу 2008-жылдын 26-майында Брюсселде болуп өткөн Тышкы мамилелер кеңешинде каралган. Тараптардын алгачкы жыйыны 2009-жылдын 7-майында Прага шаарында болуп өткөн. Тышкы иштер министрлеринин биринчи жыйыны болсо ошол эле жылдын 8-декабрында Брюсселде болгон.
«Чыгыш өнөктөштүгү программасы» боюнча Европа Биримдиги менен бул алты өлкө ортосунда көп баскычтуу экономикалык интеграция, виза жеңилдиги аркылуу эки тараптуу таасирленүүнүн арттырылышы, энергетика коопсуздугу боюнча күчтүү кызматташтык, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн колдоого алынышы каралган.
Европа Биримдиги «Чыгыш өнөктөштүгү» өлкөлөрүнө «Кошуналык саясат» программасынын алкагында проекттер аркылуу көптөгөн каржы бөлүп келүүдө. Учурда Европа Биримдиги тарабынан «Чыгыш өнөктөштүгү» үчүн 600 миллион евролук каржы бөлүнүшү каралууда.
Урматтуу окурмандар, кагаз жүзүндө мыкты көрүнгөн бул программанын иш жүзүндө көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгону баарыбызга маалым. Глобалдык саясатта таасирин арттыргысы келген күчтүү мамлекеттер чакан республикаларды ар дайым жанында кармап, аларды колдонгусу келет. Бул жагдай чакан мамлекеттердин тышкы саясатындагы приоритеттерин белгилөөсүнө тоскоол болууда. «Чыгыш өнөктөштүгү» программасына кирген мамлекеттерден Белорусия менен Армения тышкы саясатта Россиянын жанында боло тургандарын белгилешти. Азербайжан болсо тышкы саясатта баардык тараптар менен бирдей мамиле кылууга аракет кылууда. Негизи эле Азербайжан туура тышкы саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат.
Ушундан улам программага толук кандуу катышкан мамлекеттердин саны үчкө түштү. Булардын арасынан Грузия менен Украина батышчыл саясат жүргүзгөндүктөн улам территорияларынын бир бөлүгүн Россияга тарттырып жиберишти. Бул окуялардан сабак албаса, Молдова да булардын катарына кошулуп калышы ыктымал.
Келишимге кол коюу аземинде сөз алган Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, «Грузия калкы демократия, реформа жана артка кайтуусу мүмкүн болбогон Евро интеграцияны тандап алды»,-деди. Бирок Европа Биримдиги Грузиянын «артка кайтуусу мүмкүн болбогон Евро интеграция» сапарынын кайсыл жеринде турат болду экен? Кечээ эле НАТОнун тышкы иштер министрлери Грузия менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн «маанилүү бир пакет» даярдашканын билдиришти. Бирок Грузияны уюмга мүчө болууга чакырышпады.
Саясий серепчилер Россия менен батыштын жаатташуусунда Россиянын Крымды өзүнө кошуп алуусуна жооп катары Европа Биримдигинин Украина, Молдова жана Грузия менен экономикалык кызматташтык келишимине кол коюп, тирешүүдө бир кадам астыга чыкканын белгилеп жатышат. Негизи эле бул кадамдардын аягы көрүнбөйт. Күздө Молдовада шайлоо болот. Ошондо Россиядан дагы бир кадам келет.
«Демократиясы күчтүү» бир мамлекеттин жардамы менен жогорудагы өлкөлөрдө болгон же болтурууга аракет кылынган түстүү төңкөрүштөр, башка бир күчтүү өлкөнүн жардамы менен ишке ашырылган төңкөрүшкө каршы жүргүзүлгөн төңкөрүштөр чынында эң көп ошол өлкөгө зыянын тийгизүүдө. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн туруктуулук, тынчтык жана бейпилдиктин керек экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Саясатчылар жасай турган иш да жөнөкөй эле, анын негизи; кошуналар жана туугандар менен тыгыз мамиледе болсоң сырттан эч ким сенин ишиңе кийлигише албайт.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар