Түркиядан көз ирмемдер - 2

Анадолуда эне кудай культу жана чагылуусу

115493
Түркиядан көз ирмемдер - 2

Анадолу өркүнияттары музейинин неолиттик мезгилиндеги табылгаларынын арасында эки жагында илбирс орун алган, ал түгүл отуруп төрөп жаткан аялдын фиргурасы менен да көңүлдөрдү бурат. Бул аял айкели Анадолунун Эне кудайы. Чаталхөйүктө табылган бул айкел адистер тарабынан биздин заманга чейинки 5750 – жылга катталган.
Коньядагы Чаталхөйүк эрте неолиттик доорундагы отурукташуу жерлеринин эң белгилүүсү. Хөйүк «чыгыш» жана батыш» болуп эки отурукташуу жеринен турат. Булардан Чыгыш Чаталхөйүк миңден ашуун турак жай жана 5 – 6 миңге жеткени ойлонулган калкы менен жакын Чыгыштын билинген эң чоң айылы же поселоктоурунун бири. Биздин заманга чейинки 7000 – 5000 жылга катталган бул ртурукташуу жерлеринде массалык курулуштардын саны 50гө жакын. Бул курулуштардан кээ бирлери чоң жана өзгөчө курулган. Дубалдарында сары, кызыл, жашыл. Ак жана кара боектор менен тартылган түрдүү түстүү сүрөттөр менен чеканкалар орун алууда. Бири биринин үстүнө сүрүлгөн шыбактарга форма берилүүсү жана оюлуусу менен жасалган чеканкалар ичине пантера, тоо теке, илбирс сыяктуу жаныбар финуралары да орун алган. Булардын тышында Эне кудай мотивинин орун алганы да көрүлөт. Анадолу өркүнияттары музейиндеги « эки жагында илбирс орун алган жана тактыда отурган түрдө төрөп жаткан эне куда» айкелчеси да бул храмдардын биринде табылган. Бул ыйык аянттарда эне кудай культунун Анадолу тектүү экенин көрсөтөт. Мезгил ичинде бул культтун ар башка өркүнияттар тарабынан жактырылганы жана ар башка аттар менен аталганы көрүнөт. Фригиялыктарда Кибеле, Күлтепе таблеткаларында Кубаба, Лидияда Кибебе, хититтерде Хепат деп аьалган эне кудай. ГЕЧИШ..............
Анадолунун тарыхында көрүлгөн ар башка өркүнияттардын арасында Эне кудай культу эң көп фригиялыктар тарабынан жактырылган. Балким ушул себептен бул культтун Анадолу тышына жайылуусунан кийин жазуу түрүндөгү булактарда бир фригия кудайы экени айтылат. Фригия мезгилинде эне кудайга Кибеле деп сыйынылчу. Кибеле жер, молчулук, берекет, төрөөчүлүк кыскача турмуш жана табияттын кудайы. Фригияда Кибеленин сыйынуучу жерлери бар эле. Булардын борбору күнүбүздө Сиврихисар жакындарында орун алган Пессинуста болгон. Кудайга бул жерде бир путтун арачылыгы менен сыйынылган. Букл пут бир «диопетес» башкача айтканда көкөтиү түшкөнү айтылган метеорит, бир кара таш болгон. Эне кудайдын Пессинустагыхрамы көз карандысыз диний борбор болгон. Бул боробордо жылда бир жолу болуу менен эрте жазда кудайга аталган аземдер өткөрүлчү. Бул аземдерде кыш мезгилинен кийин табияттын кайрадан жандануусу жана тиирилүүсү да майрамдалчу.
Фригия аймагында табияттын ичинде Кибеле эстеликтери жасалчу. Бул эстеликтер храм милдетин аткарган булардан кээ бирлери күнүбүзгө чейин сакталып келген. Мисалы Эскишехир жана Афьон шаарларынын арасында барылуусу абдан кыйын аймакта орун алган Мидастын эстелиги Язылыкая, бул храмдардын эң белгилүүлөрү. Көпчүлүк токойлордо дарактардын арасында бир аскага жаздангандай же түздүктө бир канча баскычтын үстүнө курулган эстеликтер бир фасаддан турат. Үч бурчтук түрүндөгү чатыр менен жабылган бул тик бурчтук түрүндөгү оюктардын ичинде кээде буиунда турган бир кудай айкели көрүнөт. Кээ бир храмдарда болсо кудай айкелинин эки жанында алдыңкы буттарын кудайга жаздаган эки арстан бар. Үй формасындагы бул храмдар Фригияда Кибеле культунун канчалык кенен жайылганынын көрсөткүчү.
Классикалык доорлордо Грециянын жана Анадолунун төрт тарабына таркаган Фригия кулдары жана дин адамдары сырдуу бир дин жана культунун өкүлдөрү катары урмат – сый менен тосулуп алынчу. Гомердин Иллиядасында фригиялыктардын Троя согушунда троялыктарга жардам бергени белгиленет. Иллияда чыгармасында бат бат фригиялыктардан сөз болуусу бул өркүнияттын троялыктардын арасында абдан чоң урмат – сый кқргөнү ачык. Ушундайча Эне кудай культу да троялыктар тарабынан жактырылган. Троя уруусунун акыркы өкүлү Энейдин Италия жээктерине көчүүсү менен Римдин куруучу атасы катары жактырылган. Бул маданий көчтүн саясында эне кудай культу да Римге алынган. Манга Матердин башкача айтканда Чоң эненин Римге алып барылуусу булактарда дин тарыхында кызыктуу окуя экени белгиленген. Биздин заманга чейинки 204 – жылы Пессинустагы метеор ташы азем менен Римге алып барылыат жана Палатинус дөңсөөсүнө храмы курулган манга Матердин урматына Мегаленсиа деп ат берилген майрамдар белгилене баштаган. Бул окуя Рим тарыхында ар кандай мезгилдерге туш келет. Ушул себептен калктын жаңы жана тектүү ишеничтерге муктаждыгы болгон. Жаңы удамыштар жаралат. Эне кудай ташын Тиберден жогору алып барган кеме күтүлбөгөн жерден кургактыкка чыгат жана ошол учурда эне кудайдын үнү угулат. Бир гана таза, колу кирдебеген бир киши тарабынан шаарга алынуусун айтат, калың топтун арасынан Клаудия Куинта деген жаш кыз ортого чыгат, кудайга жалбарат, кирдетилгени айтылып жүргөн, таза экенин далилдөөсү үчүн кемесин өз колу менен тартуусу үчүн ураксат берүүсүн суранат. Кудай да уруксат берет. Клаудия тросту колуна алат жана кемени Римге чейин сүйрөп барат. ГЕЧИШ.............
Эне кудай үчүн жазда өткөрүлгөн беркет жана молчулук аземдеринин окшоштору бүгүн Анадолуда дале жашап жатат. Ар жыл ма айынын биринчи жумасында өткөрүлгөн Кыдырелес аземдерин мисал катары бере алабыз. Ишеничке караганда Илияс менен Кызыр ар жыл 6 – май күнү жолугушат. Бул күнү табият кайрадан жанданат, молчулук, берекет келет. Ушул жана ушуга окшогон аземдер аймактарыбыздын көпчүлүгүндө жандуулугун сактап келет. Азыркы күндө Эне кудай культунун издери Анадолунун бир область жана районунда чыгарылган кол өнөрлөрүнөн көргөн берекет тема болгон мотивдерде жашоодо. Бул культтун издери түрк килем жана башка кол өнөрлөрүндө «Элибелинде» деп аталган мотив менен белгиленүүдө. Анадолуда токулган килемдерде бул мотив аялды, берекетти, төрөөчүлүктү билдирет.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар