Евразияга сереп салуу-24

Түрк Кеңешинин саммити

95842
Евразияга сереп салуу-24

Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркиянын Бодрум шаарында 4-5-июнь күндөрүндө болуп өткөн Түрк тилдүү өлкө лидерлеринин 4-саммити тууралуу сөз кылабыз.
2009-жылдын 3-октябрында түрк тектүү мамлекет лидерлеринин Нахчивандагы жыйынында түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши же «Түрк кеңеши» түрк тектүү республикалардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн иштеп келет. Кеңеш жыл сайын бир тармакка өзгөчө көңүл буруп иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул жылы Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүлдүн эгедерлигинде өткөрүлгөн Түрк кеңешинин төртүнчү жыйынына Азербайжан, Кыргызстан, Казахстан жана Түркмөнстандын президенттери катышышты. Түркмөнстандын президенти саммитке конок мамлекет башчысы катары катышты.
Саммит бул жылы «Туризм кызматташтыгы» темасы астында өттү. Кеңешке мүчө мамлекеттердин туризм министрлери «Туризм тармагында кызматташтык протоколуна» кол коюшту жана «Биргелешкен туризм кызматташтыгы» механизмин түзүү боюнча макулдашышты. «Түрк кеңеши-азыркы жибек жолу» туристтик пакети жана «Транспорт координация комитетинин» түзүлүшү боюнча чечим кабыл алышты. Саммитте баш кеңсеси Астана шаарында жайгашкан Түрк академиясынын укуктук кээ бир маселелери да такталды.
Мамлекет башчылар Ысык-Көлдө 2014-жылдын 8-14-сентябрь күндөрүндө өткөрүлө турган Көчмөн калктарынын 1-олимпиадасына жана 2015-жылы Түркияда өткөрүлүшү пландалган 1-Түрк универсиадасына көмөк көрсөтө тургандыктарын билдиришти. «Түрк университеттери биримдиги жана жогорку билим берүү тууралуу директива» кабыл алынды.
Түрк тилдүү диаспоралардын ортосунда мамилелердин курулушу жана чыңдалышы үчүн Франция, Германия жана Америка Кошмо Штаттарында Аймактык диаспора борборлорунун курулушу боюнча макулдашылды.
Саммиттин аягында Түрк кеңешинин башкармалыгы Азербайжанга өткөрүлүп берилди. Кеңештин жооптуу катчылыгына Рамил Хасанов шайланды. Хасанов сентябрь айында Халил Акынжыдан кызмат ордун өткөрүп алат. Кеңештин кийинки жылдагы темасы «Маалымат технологиялары жана массалык маалымат каражаттары» болмокчу.
Урматтуу окурмандар, азыр болсо Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин иш-чаралары тууралуу айтылган ой-пикирлерди баяндай кетели.
Түркиянын президенти Абдуллах Гүл Бодрумда буга чейинки саммиттерде кабыл алынган чечимдердин жеткиликтүү ишке ашырылбай жатканына токтолду. Бул маселе Кеңештин эң орчундуу маселелеринин башында турат десек жаңылышпайбыз. Бул жерде Өзбекстан менен Түркмөнстандын Кеңешке мүчө болбошунун да кандайдыр бир даражада таасири бар. Эгер бул мамлекеттер Кеңешке мүчө болушканда, бул уюмдан көп нерсе үмүт кылынып Кеңештин аймактагы позициясы чыңдалмак. Мунун натыйжасында бул саммиттерде кабыл алынган чечимдер дагы ишке ашырылып турмак. Кеңештин жооптуу катчылыгына Азербайжандык дипломаттын шайланышы келечекке үмүт менен карашыбызга себеп болууда. Азербайжан бул уюмдун мындан ары жигердүү иштешине албан салым кошот деп ишенебиз.
Тышкы саясатында бейтарап позицияны карманган Түркмөнстандын Бодрумдагы жыйынга катышканы саммиттин эң маанилүү окуясы десек жаңылышпайбыз. Буга чейин Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин биринчи үч тараптуу жыйыны Баку шаарында 2014-жылдын 26-майында болуп өткөн. Түркмөнстандын Президенти Бердимухаммедов Бодрумга келээрдин алдында Түркиянын президенти жана премьер-министри тарабынан Анкарада салтанаттуу түрдө кабыл алынды. Түркмөнстандын президенти Абдуллах Гүлгө Эл аралык Махтумкулу сыйлыгын тапшырды. Эгер таасирдүү инструменттер колдонулса көптөгөн нерселердин алгачкы кадамдары таштала турганына күбө болдук. Мындан ары да Түркмөнстанды Кеңештин жыйындарында ар дайым көрүүнү арзуулайбыз.
Бул саммитте дагы бир жолу мүчө мамлекеттер үчүн конкреттүү орток пайда алып келе турган нерселерге муктаждыктын бар экени көрүндү. Энергетика жана байланыш тармагы орток пайда алып келе турган нерселердин негизгилери десек болчудай. Темир жолу, деңиз жолу байланышын өнүктүрүү, табигый газ, нефть жана кен байлыктарынын иштетилип, бул аймактан коопсуз түрдө ташылышы уюмдун олуттуу түрдө үстүндө иштей турган темалары болушу мүмкүн.
Саммитте сөз алган Назарбаев Түркиянын Евразия экономикалык биримдигине мүчө боло ала тургандыгын айтып өттү. Негизи түрк тектүү республикалардын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү Түркия-Россия кызматташтыгынын өнүгүшү менен параллель өнүгүүдө десек болот. Мүмкүн келечекте Түркия Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп аймакта жаңы бир биримдик жаралат. Анткени бир аймакта жүргүзүлүп жаткан интеграция иш-аракеттери бири-бири менен байланышта болуп, бири-биринен таасирленишет.
Түрк кеңешине мүчө мамлекеттер ортосунда Стратегиялык кызматташтык комитети түзүлүүдө. Бул нерсе эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык дэңгээлге чыгышына жардам берүүдө. Кыргызстан-Түркия Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешинин 3-отуруму саммиттин алдында Анкарада болуп өттү.
Кызматташуунун чыңдалышы менен карым катнаш да артты. Мисалга ала турган болсок 2010-2013-жылдар арасында Кеңешке мүчө мамлекеттерден Түркияга зыяратка келгендердин саны 46 пайызга өскөн. Албетте бул өсүү эки тараптуу болгон.
Жыйынтыктап айтканда бул саммит келечекке үмүт менен карашыбызга өбөлгө түзүп, мындай жолугушуулардын натыйжасында жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралганын айта алабыз.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар