Билим жолунда-12

93253
Билим жолунда-12

Ар аптада болгону сыяктуу эле ТРТнын Түркия үнү радиосунда «Билим жолунда» аттуу программабызда амандашып олтурабыз. Саламатсыздарбы! Бул бир жума бою сиздер менен ТRT Horizon Facebook барагынан баарлашуубузду уланттык.
Өткөн аптада сиздерге Гази университетин таанытуу убадасын бергенбиз. Бүгүн ал убадабызды орундатабыз.
Улуу Искендер Зулкарнайндын күн чыккандан баткан жерге чейин бардык жерлерди багындырууну максаттаганы жана «күн чыккан жер» деп Анадолу аймагынан сөз кылганы уламышта айтылат. Жалгыз эле улуу Искендердин эмес, хеттердин, фригдердин, лидиялыктардын ал эмес рим жана осмон империяларынын тарых бою бири-бирин улай ээ болушкан бул жерлер адамзаттык тарыхынын өнүгүүсүнө күбө болгон.
Анадолу аймагынын борборунда да учурда Түркия Республикасынын борбор шаары болгон Анкара орун алган. Бүгүн бардыгыбыз чогуу Анкарадагы Гази университетине барып жана бардык жерде болгону сыяктуу бул университеттин ректоруна да кызмат орунуна барып жолуктук.
Гази университетинин ректору Сулейман Бүйүкберберге эң оболу чет өлкөлүк окуучулардын Гази университетинен ушунчалык ыраазы болуп кайтууларынын себеби эмне?- деп сураганыбызда, ректордун жообу кандай болгонун көрөлү:
Гази университетине чындыгында ар ким ыраазы. Гази университети ушул учурда Түркиянын окуучу саны жагынан, факультет жана институт саны жагынан эң чоң университети болуп эсептелет. Эл аралык салты абдан жакшы орногон университет. Учурубузда 1838 чет өлкөлүк окуучу бар. Булардан 272си докторантура окуучусу.
Гази университетинде эл аралык окуучулардын көңүлүн бурган кайсы бөлүмдөр бар?- деп ректорубузга кайрылдык:
Эң көп эл аралык окуучулар болгон бөлүмдөр медицина факультети, билим берүү тили Англисче. Ушул убакта 200гө жакын окуучубуз бар. Медицина факультетибиздеги билим берүү, дүйнөлүк сапаттагы билим берүү. Ушул себептен аябай тандалган бир бөлүм. Мындан тышкары инженердик факультети ошондой эле эл аралык окуучу жагынан абдан бай. Сабактардын элүү пайызы англис тилинде берилет. Бул чоң мүмкүнчүлүк. Бул жерден алынган дипломдор да эл аралык жамаатта абдан жарактуу болуп эсептелет. Кош тилдүү программабыз бар. Алар курулуш инженердигинде Монтана Стейт университети менен, Райт Стейт жана Жоржия университеттери. Булардын бардыгы эки жылы Америкада жана эки жылы Түркияда болуп, эки өлкөнүн дипломуна ээ болуу менен окууларын бүтүрүшөт. Ошондой эле инженердик факультетинде башкы кафедрадан тышкары кошумча тармакта да окуу мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө магистратура жана докторантурада социалдык илимдер институтубуз да ушул убакта абдан маанилүү институт абалында.
Жолдошторубуз Гази университетине ушунчалык ыраазы болгондоруна караганда, бул иштин жалгыз эле билим берүү тармагы эмес, Анкарада Гази университетинде жашоо жагы да маанилүү болсо керек жаштарыбызга деп, эми урматтуу Бүйүкберберден бул ийгиликтүү университеттин социалдык мүмкүнчүлүктөрүн сурадык:
Эң маанилүү социалдык мүмкүнчүлүк чындыгында билим берүүгө байланыштуу болот. ТӨМЕРибиз башкача айтканда түркчө үйрөтүүчү борборубуз. Ушул убакта Түркиянын эң мыкты жана эң чоң түркчө үйрөтүүчү борбору болуп эсептелет. Албетте, Түркчөнү үйрөнгөн соң Түркияда жашоо жеңилдейт. Ансыз деле өлкөбүздүн адамдары жанга жакын. Гази университетинин да шаардык университет болушу чоң мүмкүнчүлүк. Бир кампуста изоляцияланган аянттын ичинде болушпайт окуучуларыбыз. Чыкканда дароо базарда, соода борборлорунда, шаардын ичинде болуулары да окуучуларыбызды тартып турат деп ойлойм. Ал эми эң маанилүү мүмкүнчүлүк башкаруунун ачык жана так болушу. Чет өлкөлүк окуучу борборубузду курдук, алардын ар түрдүү маселелери менен алектенүүдөбүз. Окуучулардын көпчүлүгү стипендия алып окушат. Бул болсо Түркиянын күчүн көрсөтүп турат. Бул университетти тандоодо да эң маанилүү себептерден бири.
Андай болсо быйыл эл аралык иш-чаралар жагынан Гази университетинде эмнелер жасалды?
26 Африка элчиси менен үч жолу чогулуш өткөрдүк. Африка күнү иш-чараларын быйыл Гази университети өткөрүүдө. Темабыз негизинен окуучу жана окутуучу алмашуу эле. Өзүңүздөр билгендей Түркия «Мевлана» аттуу окуучу жана окутуучу алмашуу программасын баштатты. Бул программанын ушул убакта үчтөн бир окуучу жана окутуучу саны Гази университети тарабынан пландалган абалда. Быйыл ушул 26 Африка өлкөсүнөн буюрса окуучулар келишет. Окутуучулар келишет. Биз да ал жактарга окуучу жана окутуучуларыбызды жиберебиз. «Өмер Мухтар» атындагы университеттин кайрадан курулуусунда, башкаруу жана академиялык түзүлүшүнүн кайрадан курулуусунда Гази университети лидерлик кылат. Быйыл Ливиядан 2014-2015 окуу жылдары ичинде жүзгө жакын администрациялык кызматкердин билим алуусун камсыздайбыз. Мындан тышкары миң магистрант жана докторант окуучуларын алдыбыздагы бир канча жылдын ичинде Ливиядан Түркияга алып келебиз. Буларга байланыштуу жатакана, тамак аш, транспорт сыяктуу пландоолордун бардыгын жасадык. Жакынкы убакта баштайбыз. Айтканымдай, Ливиянын «Өмер Мухтар» атындагы университети менен чоң программа да Гази университети аркылуу жүргүзүлгөн болот.
Албетте ректорубуз менен болгон маек мынчалык кыска эмес эле. А бирок бул жамдагы убактыбыз аяктап калды. Бул репортаждын уландысын жана Гази университетинин башка бир өлкөдөн келген окуучуларынын баяндоолорун эмдиги жумада сиздер менен бөлүшөбүз.
32 тилде чыккан радио программабызга кошумча түрдө эл аралык билим берүү кыймылдуулугу жана Түркияда билим алыш үчүн видео репортаждарды facebookta ‘TRT Horizon’ барагын иликтей аласыздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар