Түркия жана дүйнө күн тартиби

Европа парламентинин шайлоосу, чыңалган нацистик жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү

89762
Түркия жана дүйнө күн тартиби


Өткөн жумада болгон Европа Парламентинин шайлоосунан таң калтырган бир жыйынтык чыкты. Бул жыйынтык Европада ашыкча жана нацист оңчул партиялардын жогорулаганын көрсөттү. Өзгөчө Франция, Англия, Дания, Германия, Бельгия, Греция жана Голландияда ортого чыккан жыйынтыктар муну алдыга чыгарды. Францияда Улуттук фронт, Англияда UKIP, Данияда Дания Элдик партиясы, Грецияда Сириза өлкөлөрүндөгү добуштардын төрттөн бир бөлүгүн алып жогорулады. Натыйжада 751 орундуу Европа парламентинин 212си Европа Элдик партиясынын группасы, 186сын социалисттер, 70 пайызын либералдар, 55 пайызын жашылдар, башкаларында фракциясы болбогон ашыкча оңчул жана нацист партиялар алды.
Ашыкча оңчул жана нацист партияларга күтүлгөндөн дагы күчтүү болгон колдоо Европа Парламенти жана Европа Биримдигинин келечеги жактан тынчсыздануу жаратты. Европа Биримдигин колдогон оппозиция экени билинчү бирок мынчалык жогорулай турганы күтүлгөн эмес. Франциянын премьер – министри Мануэль Валлстын айтуусу менен «Европанын баарын термелткен жер титирөө» баарын таң калтырды. Ашыкча оңчулдардын жогорулоосунун себептери тууралуу ойлонула баштады.
Мрамор университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин бул тууралуу көз карашын билдиребиз.
Бул абалды түшүнүү үчүн оболу Европа парламентинин шайлоосунун маанисин жана маңызын баса белгилөө керек. Биринчиси 1979 – жылы жана өткөн жумада сегизинчиси өткөрүлгөн Европа Парламентинин шайлоосу Европа Биримдиги менен бүтүндөшүүсүнүн маанилүү өлчөмү. Европа Биримдигинин «мыйзам» чыгаруу канатынын өкүлү болгон Европа Парламенти Европа Кеңеши жана Комиссиясы тууралуу барган сайын жогорулаган күчү болду. Европа парламентинин кеңейүүсү жана бүтүндөшүүсүн кызыктырган чечимдердин Европа Парламенти бекитүүсү керек. Ушул жактан алып караганда Европа Парламентинин эки негизги миссиясы алдыга чыгууда.
Биринчиси Европа Парламенти, Европа калктарынын эң жогорку мыйзам чыгаруу күчүнүн өкүлү. Бардык европалыктардын атынан мыйзам чыгаруу жана тийиштүү функцияларды орундатууда. Европа саясий картасын көрсөтүүдө. Бул жагы менен улуттук парламенттеринде жоопкерчилиги бар. Бул абал Европанын саясий бүтүндөшүүсү жактан абдан олуттуу фактор. Экинчиси Европа Парламенти, Европа Биримдиги саясатына форма берүүдө. Европа саясатында жана Европа Биримдигинин башка өлкөлөр менен карым – катнаштарында жана мүчөлүк процесстеринде роль ойноодо. Мисалы Түркия сыяктуу толук мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдүн абалы, Европа Парламентинин бекитүүсүнө байланыштуу. Европа Парламенти чыгарган чечимдери менен же рапорттору менен Түркия тууралуу ансыз да жоопкерчиликке ээ. Кошумча катары мезгили келгенде Түркиянын толук мүчөлүккө кабыл алынуусунда роль ойнойт. Ошондуктан Европа Парламентинин композициясы партия фракцияларынын күчү, кыймылдары, мамилелери жана чечимдери Европа парламентинин келечегинин белгиленүүсү жактан абдан орчундуу. Теориялык жактан алып караганда бул күтүү Европа Парламентинин Европа Биримдиги менен бүтүндөшүүсү жана кеңейүүсүн өнүктүрүү жана алдыга жылуу боюнча кыймыл кылуусу. Өткөн мезгилдерде көпчүлк учурда бул күтүү ишке ашкан. Бирок акыркы жыйынтыктар Европа Парламентинин бул өзгөчөлүгүн жоготууга жакын экенин көрсөтүүдө. Жаңы шайланган ашыкча оңчул жана нацист парламентарлар жана партиялар Европа Биримдигине жана кеңейүүгө катуу каршы чыгышууда. Тактап айтканда Европа Биримдигин четке кагышууда жана мүчө өлкөлөрдүн Европа Биримдиги менен карым – катнаштарын чектөөнү каалап жатышат. Башка тараптан алганда бул партиялар Европа Биримдигинин жалпысынан кеңейүү процессине жана Түркиянын толук мүчөлүгүнө каршы чыгышууда. Бир тараптан караганда акыркы шайлоонун жыйынтыктары Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлгүн дагы да кыйын абалга алып келүүдө. Эгерде бул кыймыл күчтөнө турган болсо Европа Биримдиги жана жаңы мүчөлүк процессинин абдан чоң сокку алаарын айта алабыз. Бул жогорулоонун себеиб сыр эмес. Булардан эң негизгилери төмөнкүлөр: улантылып жаткан экономикалык кризис, Европа Биримдигинин тышынан келген көчмөндөр, жумушсуздук, барган сайын күчөгөн исламофоби, антисемитизм жана азыркы учурдагы лидерлердин мамилеси. 2006- жылдан бери басамак түрүндө чыккан бул меселелер Европа Биримдиги жана мекемелерине карата мамилелерин тескери абалга алып келген. Мунун эң негизги мисалы Түркиянын толук мүчөлүк процессинде так көрө алабыз. Европа Биримдигиндеги абалдардын борборунда Түркиянын жана мүчөлүгүнүн болушу да айтыла алат. 2004 – 2006 – жылдары Европа парламентинин лидерлери жана коомдун көпчүлүгү Түркиянын толук мүчөлүгүн жактаган болсо 2007 – жылдан баштап күтүлбөгөн жерден каршы чыгууга айланды. Бул радикал өзгөрүүнүн негизги көрсөткүчү, Германияда Меркель жана Францияда Саркози лидерликтери. Бул эки лидердин Түркияга каршы сөздөрү, ашыкча оңчул жана нацист бөлүктөргө жана партияларга күч берди. Бул эки лидер Европанын экономикалык жана социалдык маселелеринин чече албагандай эле сөздөрү жана саясаттары менен ашыкча оңчулдардын жана нацисттердин жогорулоосунда роль ойногон. Бул тууралуу Европа коомдору жана Европа Биримдиги олуттуу бир бурулуш жеринде. Азыркы учурдагы кыймылды колдогон саясаттарын улантат же бул жогорулоонун соңуна чыгуу үчүн ылдам чара көрүлүүсү керек. Азыркы абалдын улантылуусу, Европа Биримдигинин келечегин коркунучка салышы мүмкүн жана таркап кетүүсүнө чейин барып бир процессти баштайт. Мунун мааниси Экинчи Дүйнөлүк согушуна кайра кайтуу болот. Европанын өнүгүү максаты бар болсо бул жогорулоого уруксат бербейт. Европа жарандык коомдору жана саясатчылары жаңы стратегия менен нацистикти токтотушу керек жана Европа Биримдигин жаңылай турган чараларды көрүүсү керек. Бул актерлор канчалык күчтүү жана чечкиндүү биле албайбыз. Күтүү керек. Бир тараптан Түркиянын Европадагы абалдарга көңүл бурарын жана абалдарга карата стратегия белгилей турганын күтө алабыз.
Мрамор университетинин саясий билимдер жана эл аралык карым – катнашта боюнча бөлүмүнүн мугалими профессор доктор Рамазан Гөзендин баа берүүсү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар