Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-15

83998
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-15


Саламаттык сактоо туризми дегенде эң биринчи ойго келген өлкөлөрдүн бири да Түркия. Жыл сайын көптөгөн чет элдик оорулуулар саламаттык проблемаларын чечүү үчүн Түркияны тандашууда. Өнүккөн технология менен жабдылган ооруканалар, ар бири өз тармагында адистешкен дарыгерлер булар алардын ушул тандоосундагы эң маанилүү себептерден болуп саналат. Ошондой эле Азия менен Европаны бириктирип турган Түркияда туристтерге бир жагынан сапаттуу саламаттык сактоо тейлөөсү көрсөтүлсө, экинчи жагынан да эс алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Чет элдик оорулууларды Түркияга тарткан саламаттык сактоо тейлөөлөрүнүн башында да тиш ооруларын дарылоо орун алууда.
Тиш оорулары денебизде жүрөк ооруларынан ревматизмге чейин, сөөк ооруларынан синуситке (гайморит) чейин көптөгөн ооруларга себепчи болушу мүмкүн. Ошондуктан тишти таза кармоо чындап эле маанилүү. Оорулуу тиштерди дарылоо, ошондой эле алдын алуу чараларын жүргүзүү үчүн тартиптүү түрдө врач-стоматологго барып туруу зарыл. Бирок айрым учурларда таза кармаганыбызга карабастан тиштерибизге байланыштуу ар кандай маселелер болушу мүмкүн. Бул проблемалардын башында тиштин чириши турат.
Тиштин чиришине туура эмес тамактануу: өтө таттуу тамактарды көп жеш, витаминдин жетишсиздиги жана оозубуздагы бактериялар себеп болот. Тукум куучулук менен тишибиздин түзүлүшү да чирүү процессинде эң маанилүү фактор болуп саналат. Тиштин чиришин алдын алуунун эң оңой жолу тиштерибизди тартиптүү түрдө тазалоо жана белгилүү мөөнөттөрдө тиш доктуруна баруу .
Бардык чара көрүүлөргө карабастан тиш чирип жатса анда эң биринчи тиш дарыгерине көргөзүү керек. Чирик тишти дарылоодо колдонула турган ыкма тиштин кайсы баскычта экенине байланыштуу болот. Тиштин белгилүү бир бөлүгү чирисе тиш доктуру алгач чириген жерди оюп тазалайт. Андан соң боштукту пломбалоочу материал менен толтурат. Ушундайча тиштин андан ары чиришин алдын алууга болот жана тиш өз функцияларын уланта берет. Тишти дарылоого мүмкүн болбогон учурларда болсо дарыгерлер тилекке каршы тишти жулууга аргасыз болушат.
Түркия үнү радиосунда саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды угуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда тиш темасынан сөз кылуудабыз. Тиштерибиз эстетикалык жактан да, ден-соолугубуз үчүн да өтө маанилүү органдарыбыз болуп саналат. Бирок айрым учурларда тиштин чириши же болбосо кырсыктырдын себебинен бир же андан көп тишибизди жулдурууга аргасыз болобуз.
Жулунган тиштердин ордунун бош калышы болсо ооз жана жаак сөөгүнө таасирин тийгизет.
Алардын ордун толуктоонун эң ыңгайлуу жолу имплант протездер. Латын тилинде «им»- ичине, «планто»- көчүрүү, тигүү, жайгаштыруу дегенди түшүндүрөт. Медицинада болсо имплантация-бир материалдын денеге жайгаштырылышы деген маанини туюнтат. Медицинада ортопедия, кардиалогия сыяктуу башка бөлүмдөрдө колдонулса да акыркы жылдарда имплант дегенде эң биринчи тиш импланттары ойго келет. Имплант- негизи жаак сөөгүнө жайгаштырылган жасалма тиш тамыры болуп саналат. Организмге зыянсыз титан же буга окшогон материалдардан жасалган бул тиш тамырынын үстүнө кийин тиш протези (жасалма тиш) тагылат. Б.а имплант жалгыз эле тиш дегенди түшүндүрбөйт. Тиш дарыгерлери табигый тиштерге эң жакшы альтернатива катары сунушташкан тиш импланттары акыркы жылдарда көп колдонула баштады. Дүйнөдөгү көптөгөн өлкөдө тиш дарылатуунун баасы кымбат болгондуктан чет элдик оорулуулар тиштерин дарылатуу үчүн Түркияга келишет. Бул дарылоо ыкмаларынын башында да тиш импланттары жана эстетикалык тиш дарыгерлиги турат. Европа өлкөлөрүндө бир тиш протезинин баасы 1000 евродон 3000 еврого чейин жетсе, Түркияда бул баа 700-1000 евродой болот. Өзгөчө Анталья жана Стамбулдагы тиш ооруларын дарылоочу борборлор чет өлкөдөн келген оорулуулардын транспорттук каттамдарынан коноктоого чейин ар түрдүү иштери менен алектенишүүдө. Ушундайча келген оорулуулар бир жагынан дарыланышса экинчи жагынан да Түркиянын туристтик шаарларын көрүү, ал жерлерде эс алып кетүү мүмкүнчүлүнө ээ болушууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар