Түркиядан көз ирмемдер - 1

78292
Түркиядан көз ирмемдер - 1

Сүйүктүү окурмандар, Анадолу бир маданият дарыясы. Ыңгайлуу географиялык өзгөчөлүктөрү жана жаратылыш байлыктары жактан адамзат тарыхынын ар бир мезгилинде, ар башка өркүнияттын бешиги болгон. Көпчүлүк учурда бири биринен кабарсыз маданияттардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн Ата Мекен болгон. Анадолунун өркүният тарыхы маанисинин көп түрдүүлүгүнөн келип чыгат. Анадолу өркүнияттарын тарых ичинде белгилүү бир этаптарда иликтөөгө болот. Тарыхтан мурун башталган бул этаптар кылымдардын ичинде ар башка мезгилдерге чейин созулат.
Анадолуда адам баласынын алгачкы издерине тарыхтан мурунку мезгилге кездешилет. Эски таш доору деп билинген бул мезгилде адамдар ар башка климаттык шарттарга көнүүгө аракет кылган. Өндүрүш туралуу эч бир маалыматы болбогон бул алгачкы адамдар жашоочу жер катары үңкүрлөрдү жана аскаларды колдонушкан. Анадолуда эски таш доорунун адамдарына таандык үңкүр сүрөттөрү Анталья жакындарында алгачкы айылдар Жаңы таш доорунда көрүлөт. Конья – Чаталхөйүк, Диярбакыр – Чайөнү жана Шанлыурфа – Гөбеклитепеде жасалган казуулар бул мезгилдеги адамдардын өндүрүүчү турмушка өткөнүн көрсөтүүдө.
Ортоңку коло доорунун Анадолусунда Месопотамия менен соода карым – катнаштары башталган. Ассирия соода колониялары доору деп билинген бул соода мезгилинде «КАРУМ» деп аталган көп сандаган базар жери курулган. Эң белгилүү базар жери Кайсери жакындарындагы Күлтепеде орун алган Каниш. Ассириялык соодагерлер Вавилиондон Анадолуга кездеме, жез сыяктуу заттарды алып келишкен. Булар үчүн алтын, күмүш жана башка баалуу таштарды алып кетишкен. Ассириялык соодагерлер өз клинопис системаларын да бирге алып келишкен. Көп өтпөстөн жергиликтүү соодагерлер да бул системаны колдоно баштады.
Экинчи миң жылда Анадолуда хеттылар тарабынан борбордук мамлекет курулат. Индо – Европа тектүү уруу болгон хеттылар Анадолунун дин, маданият жана санат мурасын өз маданияттары менен айкалыштырып улантышкан. Чорум – Богазкөй, Йозгат – Алишар жана Чанкыры – Инандык эски хеттылардын негизги отурукташуу борбору болгон. Археологиялык казуулардагы табылгалардын арасында Инандык вазасы абдан жакшы мисал. Керек болсо формасы, керек болсо кооздугу менен эски хетты санатынын көңүлдөрдү бурган үлгүлөрүнүн бири. 82 сантиметрдик бийиктиктеги бул вазанын оозуна жакын бөлүмүнө идиштин ичине карап тура тургандай түрдө төрт өгүздүн башы тартылган. Өйдө жактан төгүлүп турган ичимдик, өгүздөрдүн ачык болгон оозунан идиштин ичине карай куюлат. Вазанын үстүндөгү сүрөттөрдө хетты кудайы жана теңирлер, дин адамдарды, музыканттар менен акробаттардан турган «ыйык үй – бүлө куруу аземи» көрсөтүлгөн.
Хетты мамлекети жоюлаары менен Чыгыш Анадолуда урартулар Ван көлү жана тегерегинде мамлекет курушат. Биздин заманга чейинки тогузунчу кылымдан алтынчы кылымга чейин жашоосун уланткан жана Месопотамиядагы Ассирия империясын дайыма коркутуп турган бул королдуктун борбор шаары, бүгүнкү Ван чеби орун алган жерде курулган Тушпа эле. Ван чебиндеги аскаларга оюлган урарту эстеликтеринен эң негизгиси король мазарлары. Асканын түштүк жактарында орун алган эстелик мазарлар кенен жана бийик зал жана тегерегиндеги бөлмөлөрдөн турат. Бул бөлмө – мазар түшүнүгүнүн аймакта мурунтадан келген салт экени ойлонулууда. Ван көлүнүн түндүк жактарындагы кээ бир жерлерде жасалган казуулар муну далилдеп тургандай. Жер астында көмүлүү бул бөлмөлөрдөн кээ бирлерине кудук түрүндөгү кичинекей бир коридор менен кирүүгө болот. Бул үлгүлөрдүн тышында Ван чебиндеги король мазарлары көркөмдүү фасад жана кириштери менен дүйнөнүн эң эски мазар эстеликтери. Булардан урарту королу 1 – Аргиштиге таандык болгон мазар эстелиги эң көп көңүлдөрдү бурат. Фасадына королдун саясий жана аскердик ийгиликтерин сүрөттөгөн жазуулар жазылган. Урартулар көпчүлүк учурда каза болгон кишилерди өрттөгөн жана күлдөрүн атайын вазаларга салып сакташкан. Ооздору жабылган бул вазалардын үстүнө сөөктүн рухунун кирип чыгуусу үчүн бир канча тешик ачышкан. Көпчүлүк учурда өрттөлгөндөр жана көмүлгөндөр бир мазар бөлмөсүнө бирдикте жайгаштырылган.
Урартулардын өздөрүнө таандык храмдары болгон. Көркөмдүү азем өткөрүү залдары, кенен короолору менен бирге абдан чоң бир комплексти түзгөн бул храмдарда кудай айкели орун алган ыйык жер пландуу эле. Курулуштун короосунда болсо таштан жасалган столдор орун алган. Урарту дини көп кудайлуу болгон. Бул туралуу Ван түздүгүнүн чыгыш жагындагы «Мехеркапы» жазуусунан маалымат алууга болот. Аскаларга оюлган тик бурчтук түрүндөгү храм каалгасын сүрөттөгөн бул эстеликте урарту мамлекетинин расмий кудайлары жана сулуулук кудайлары менен буларга борбор шаарда курмандыкка чалына турган малдардын жынысы жана саны тизмеленген. Согуш кудайы Халди чоң бир найза менен символдоштурулган. Согушта ар дайым армиянын алдында экенине ишенилген бул кудайга арналып ар кандай куралдар сунушталган. Урартуларда борошо жана чагылган кудайы Теишебанын согушта качкан душманды чагылган менен өрттөгөнүнө ишенилген. Күн кудайы Шивигинин символу күн болгон. Урарту маданиятынын көңүлдөрдү бурган жаңылыгы селди токтотуу үчүн узата кырдалган жээк. Булардан эң көп билингени Ван түздүгүндө орун алган Кешишгөлү Бенди. Тоодогу кар – жамгыр сууларын чогултуу үчүн түндүк жана түштүк – батышта эки суу сактагыч орун алган. Ар бири 7 метр кенендиктеги суу сактагычтардын ичи топурак менен толтурулган. Кешишгөлү суу сактагычында чогултулган суу менен Ван түздүгүнүн суугарылбаган дагы бийик жерлери суугарылып турган. Урартулар чыгарган башка бир система да кургак жолу. Дүйнөнүн эң эски транспорт системаларынан болгон урарту кургак жолдорунун күнүбүзгө чейин калган эң жакшы калдыктары Бингөл тоолорунун үстүндө. Вандан батышта Палу, Харпут жана Малатьяга карай кеткен бул кургак жолунун кээ бир жерлери таш менен капталып, белгилүү аралыктар менен коноктоочу жерлер болгон. Бингөлдүн Сохан районунан башталып батышка созулган бул курулуштар тик бурчтуктуу болуп пландуу жана көп бөлмөлүү. Урарту санаты ар башка маданияттардан таасирленген санат. Бул таасирдешүү өзгөчө жазуу, сүрөт жана кооздоо санаттарында көрүнөт. Бирок, бул маданияттын дүйнөлүк мурасына калтырган жаңылыктары суу сактагычтар менен кургак жолдору.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар