Түркия жана дүйнө күн тартиби

78290
Түркия жана дүйнө күн тартиби

Премьер – министр р. Т. Эрдоган 2014 – жыл 24 – майда Германиянын Келн шаарына бир күндүк сапар менен барды. Саякатынын эки негизги күн тартип беренеси бар эле. Биринчиси европалык Түрк Демократтар Биримдигинин курулушунун 10 жылдыгына арналган программа, экинчиси да 18 миңге жакын кишини ичине алган Келндагы Lanxess Arenада Германияда жашаган түрктөр менен жолугушу эле. Бул учурда Келнде чогулган кээ бир топтор да Эрдоганды жана Келн саякатын протест кылды. Эрдогандын саякатындагы негизги нерселерди төмөнкүчө тизмелесек болот.
Йылдырым Беязыт университеинин эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор доктор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүсүн сиздерг сунуштайбыз.
Түркия – Германия карым – катнаштары жөн гана эл аралык карым – катнаштар эмес эле. Бирок Германияда 3 миллиондон ашуун Түркия жараны жашап Түркияда да 80 миңге жакын немис бар. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз гуманитардык, социалдык, экономикалык, соода, тарыхый, стратегиялык, илимий иш - чаралар эки өлкөнү бири бирине байланыштырды. Бул байланыш тараптардын ички бейкуттугун, тынчтыгын жана ырааттуулугуна таасир берүү плтенциалына ээ. Бул потенциалга таасир берүү күчү тараптардын арасындагы саясий конкуренция жана араздашууга жол ачууда.
Эрдогандын акыркы сапары ушул мааниде алдыга чыкты. Кээ бир немис гезиттери жана саясатчылар бир канча убакыттан бери Гези паркы окуяларынан улам АК партиясынын өкмөтү жана Эрдоган тууралуу абдан оор сындарды айтып жатышкан. Президент Гаук Анкарада сүйлөгөн сөзүндө түрк демократиясы жана өкмөтүн сынга алган. Ал түгүл Германиядагы кээ бир борборлордун Түркиядагы окуяларды көкүткөнү тууралуу кабарлар чыкан. Эрдогандын Келн саякаты негизинен буларга каршы жооп мүнөзүндө эле. Эрдоган Аренада сүйлөгөн сөзүндө бардык кийлигишүүлөрдү четке какты. Түркиянын мурункусундай эмес экенин баса белгиледи. Ичкеридеги же тыштагы текебердүү актерлордун Түркияга сабак бере албай турганын айтты. Эрдоган бул сөздөрү менен өзгөчө Гези паркы окуялары, Сома шахтасындагы окуялардан кийин жана акырында Стамбулдагы митингдерди колдогон ички жана тышкы күчтөрдү эскертип жатты. Түркиянын Германиянын ичиндеги потенциал күчүн жана таасирин да унутпоо керек. Германияда жашаган түрк коомунун ырааттуулугу негизинен Германиянын да ырааттуулугу. Бул массанын шайкештик жана тынчтык ичинде болуусу, белгилүү бир өлчөмдө түрк өкмөттөрүнүн инциативинде болгон. Ушул себептерден Меркель Эрдоганды чыдамдуу болууга чакырган. Эрдоган бул өтүнүчкө байш ийип сөзүндө абдан маанилүү, оң нерселерди айтты. Эрдоган жактоочулары менен каршылардын ортосунда кагылышууга жол ача турган Германия – Түркия карым – катнаштарын кыйын абалга түртө тургандай сөздөрдү айткан жок. Ушуга карабастан Түркия жана Германиянын кийинки мезгилдерде түзө турган кызматташтыктарынан сөз кылды. Түркиясыз Европанын ырааттуулугунун болбой турганын баса белгиледи. Ушул алкакта Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнүн маанисин эске салды. Германидагы түрктөрдүн немис тилин үйрөнүү менен коомго интеграция болуусун, бирок ошол эле учурда өз маданиятын сактоосу керектигин айтты. Цивилизациялардын ортосундагы кызматташтыктан сөз кылды. Европадагы исламофоби, антисемитизм, расизм коркунучуна көңүлдөрдү бурду. Негизинен бардык бул сөздөр Түркиянын Европа Биримдиги жана батышка караган жүзүн көрсөтүп жатты. Эрдоган Европа Биримдигин да сынга алды. Өзгөчө Европа Биримдиги жана батыш өлкөлөрнүн Египеттеги соккуну колдогон кыймылынын жаңылыш экенин айтты. Түркияда жана башка өлкөлөрдөгү демократия маселелерин сынга алган Германия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Египеттеги сокку башкаруусун сындай албаганын белгиледи. Соккучул Сиси башкаруусунун Эсма аттуу кызды өлтүрүү менен сиволдошкон кыргындарды көрбөстүккө салганын баса белгиледи. Бул сапар Эрдогандын айтымдары менен алыдга чыкса да негизинен Түркия – Германия карым – катнаштарынын келечегин кызыктырат. Түркия – Германия карым – катнаштарынын классикалык өнүккөн – аз өнүккөн өлкөлөр мисалында болгондой карым – катнаштардын болбошу керектигин баса белгиледи. Тараптардын бир бирине таасир берүүсү жактан бирдей деңгээлде экенин көрсөттү.
Түркия жана Германиянын бири биринен баш тартпай турганчалык интеграция болгону кабыл алынуусу керек. Бирок бул интеграциянын бири бирине карата урмат – сый, теңдик менен күчтөндүрүлүүсү керек. Мунун эң кыска жолу Түркия – Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн аяктоосу. Саясий конъюнктурадан улам азыркы учурда толук мүчөлүк күтүлбөсө да жок дегенде процесс токтоп калбашы керек. 7 жыл мурда бардык тараптар кабыл алган жана Эрдоган баса белгилеген «цивилизациялар аралык диалог» жана «Түркиясыз бир Европа болбойт» деген ойлордун кайрадан күчтөнүүсү керек. Бул керектүүлүк бир гана Европа Биримдиги же Германия тарабы үчүн эмес, Түркия жана Эрдоган үчүн да керек. Эрдоган өкмөтү бардык тоскоолдуктарга карабастан Европа Биримдигине мүчөлүк процессин кайрадан жандандыруусу керек. Адам карым – катнаштарында болгондой эл аралык карым – катнаштарда да тараптар бири бирине жакындаган сайын жана кризистердин чыгуу ыктымалы күч алат. Бул жактан каралганда Түркия – Германия ортосундагы кризистердин чыгуусу табигый нерсе. Бирок эч бир кризистин туруктуу болбой турганы, рационладуу башкаруучулар тарабынан чечиле аларын унутпоо керек. Германия жана Түркияда бул кризисти чече ала турган күчтүү лидерлер бар; бирок эң негизгиси инешим жана бири бирин түшүнүү болсун.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар