Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-14

75457
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-14


Балалуу болуу көптөгөн жубайлардын тилеги болуп саналат. Жер шары курулгандан бери жубайлар үй-бүлө биримдигин ыйык тутуу, тукумун улантуу, дүйнөгө өздөрүнөн мурас калтыруу же коомчулуктун күтүүлөрүнө жооп берүү сыяктуу көптөгөн себептерден улам балалуу болушууда. Бирок тилекке каршы балалуу боло албаган түгөйлөрдүн саны көбөйүп баратат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда учурда дүйнөдө 50 миллионго жакын жубай балалуу боло албай жатышат.
<p>Дүйнөнүн жалпысында балалуу болууну каалаган жубайлардын орто эсеп менен 15 пайызы уруктанууга байланыштуу маселелер менен күрөшүп жатат. Адистер буга intertilite б.а тукумсуздук дешүүдө. Тукумсуздуктун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. Кээде анын себептери оңой эле аныкталып ага чечим табыла алса, кээде болсо маселенин чечилүүсү кыйын болууда.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда балалуу боло албаган үй-бүлөлөрдүн үчтөн биринде маселе эркектен, үчтөн биринде аялдан, калган үчтөн биринде болсо аялда дагы, эркекте дагы болгон проблемалардан келип чыгууда. Негизи маселенин эмне себептен жана кимден келип чыкканын белгилөө дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Тукумсуздук маселесине туш болгон жубайлардын 15 пайызында так себеби белгилене албайт.
Аялдарда эң көп кездешилген тукумсуздуктун себеби уруктануунун бузулушу катары билинүүдө. Адистер аялдардын жумуртка клеткаларынын уруктануу жөндөмдүүлүгү 25-27 жаш курактарында эң жогорку деңгээлде боло турганын, 32 жаштан кийин болсо төмөндөй баштаганын белгилешүүдө. Башкача айтканда биологиялык саат жылган сайын аялдардын боюна бүтүү мүмкүчүлүгү да барган сайын азаюуда. Анткени жаш өткөн сайын энелик бездеги жумурканын саны жана сапаты да төмөндөйт. Бир гана ушул себептерден эмес албетте; гормондук оорулар , жатын түтүгүнүн бүтөлүп калышы, энелик бездин функциясынын бузулушу же инфекциялуу оорулар сыяктуу кесепеттерден да аялдар балалуу боло албашы мүмкүн.
Эркектерде уруктук (сперма) санынын аз болушу, жай иштеши же уруктук суюгунун жок болушу тукумсуздукка алып келген себептерден болуп саналат. Айрыкча адистер тукумсуздук ооруларында стресстин да маанилүү фактор экенин айтышууда. Секреция бездерине таасирин тийгизген стресс, гормондордун түзүлүшүнө да тоскоол болушу мүмкүн.

Түркия үнү радиосунда саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда тукумсуздук жана дарылоо ыкмаларынан сөз кылуудабыз. Бир жылдын ичинде балалуу боло албаган түгөйлөр дарыгерлерге кайрылуулары керек. Ушундайча керектүү иликтөөлөрдөн кийин маселенин эмнеден келип чыкканы аныктала алат. Ошондой эле аныкталган маселеге жараша адис дарыгерлер жубайларга ылайыктуу дарылоо ыкмаларын сунушташат. Кээде аял же эркектин дары-дармектер менен кыска мөөнөттүү, жеңил түрдөгү дарылануусунун негизинде маселе чечилет. Айрым учурда тукумсуздукка себепчи болгон тоскоолдуктар үчүн хирургиялык операция жасалышы мүмкүн. Доктурлар оорунун түрүнө жараша сунушташкан жана акыркы мезгилдерде өтө көп колдонулган дагы бир ыкма болсо жасалма жол менен уруктандыруу болуп саналат.
1978-жылы Англияда туулган Луис Браун дүйнөдө жасалма жол менен уруктандырылган алгачкы бала катары тарыхка өткөн. 36 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан бул ыкма, эркектерде уруктук суюктугунун жок болушу, аялдарда жатын түтүгүнүн бүтөлүп калышы, жумурканын жетишсиздиги сыяктуу себептерден балалуу боло албаган жубайлар үчүн көп колдонулууда. Мурда балалуу боло албайт деп эсептелген миллиондогон жубайлар эми ушул ыкманын негизинде бала бакытына ээ болушууда.
Жасалма уруктандыруу жолу деген эмне деп сурай турган болсоңуздар, жөнөкөй айтканда энеден алынган жумуртка клеткасынын атанын уругу менен уруктандырылышы. Ал эми уруктандыруудан кийин пайда болгон эмбрио бир канча күндөн соң эненин жатынына жайгаштырылат жана ал өрчүү процессин эненин жатынында улантат.
Учурда дүйнөдө жыл сайын орто эсеп менен беш жүз миң жасалма уруктандыруу ыкмасы ишке ашырылууда. Түркия ушул ыкманы ийгиликтүү жүргүзгөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Өлкөдө жылына 42 миңдей жасалма уруктандыруу ыкмасы ишке ашырылат жана бул сан менен дүйнөлүк тизмелөөдө тогузунчу, Европада болсо алтынчы орунда турат. Учурда акыркы технология менен жабдылган 100 чакты борбордо түрктөр дагы, чет өлкөлүктөр дагы дарыланышууда. Өзгөчө Түркиянын түштүгүндө орун алган Антальядагы жасалма уруктандыруучу борборлорго келген жубайлар, бир жагынан дарыланышса экинчи жагынан да эс алып кетишүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар