Евразия аймагындагы республикалардын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-37
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия аймагындагы республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 2-3-сентябрь күндөрү Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Монголияда болду. Владимир Путин Улан-Батордо Монголиянын Президенти Ухнагийн Хурелсух, Парламенттин спикери Амарбаясгалан Дашзегвим жана Премьер-министр Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрай менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда 5 келишимге кол коюлду. Орусия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары жана экология министри Александр Козлов Орусия, Монголия жана Кытайдын жыл аягына чейин 30дан ашуун стратегиялык долбоорлорду биргелешип даярдай турганын билдирди.
Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Монголиядан Владивостокко барып, Чыгыш экономикалык форумуна катышты. 3-6-сентябрда өткөн форумга 75 өлкөдөн 7 миңден ашуун өкүл катышты.
3-сентябрда Ашхабадда Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Жолугушууда 300 жылдык мааракеси белгиленген Махтымкули Фираги жана Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Анау шаарларына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
3-5-сентябрда Астанада Азия-Тынч океан чөлкөмүндө санарипке киргизүү жана трансформация конференциясы болуп өттү. Конференцияга 60тан ашуун өлкөдөн өкүлдөр катышты. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов катышкан конференцияда Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн санариптик трансформациясы боюнча баяндама сунушталды.
5-сентябрда Украинанын парламенти Жогорку Рада акыркы жылдардагы эң ири министрлер кабинетин жаңылоону кубаттады. Украина өкмөтүндөгү жети министрликке жаңы министрлер дайындалды.
6-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында Түрк Мамлекеттери Уюмуна (ТМУ)мүчө өлкөлөрдүн Ички иштер министрлеринин 1-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын ички иштер министрлери катышты. Жыйындын соңунда декларацияга кол коюлду. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлерин кабыл алды.
6-8-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Вице-президенти Хань Чжэн Монголияда болду. Кытай Эл Республикасынын Вице-президенти Хань Чжэн Монголия Республикасынын Президенти Ухнагийн Хурэлсух, парламенттин төрагасы Амарбаясгалан Дашзевгем жана премьер-министр Оюн-Эрдэнэ Лувсаннамсрай менен жолугушту.
1-сентябрда болуп өткөн Азербайжан парламентине шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Жаңы Азербайжан” партиясы 68 мандатка ээ болуу менен парламенттеги биринчи партия болду.
4-6-сентябрь күндөрү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Италияда иш сапары менен болду. Президент Алиев Италиянын президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министри Жоржия Мелони менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар ортосунда үч келишимге кол коюлду. Президент Алиев иш сапарынын алкагында эл аралык форумга катышып, сөз сүйлөдү.
Оруссия Федерациясынын Президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Түркиянын БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз бергенин жарыялады. Ушаков президент Режеп Таййип Эрдогандын 22-24-октябрда Казанда өтө турган БРИКС саммитине катышуу чакырыгын кабыл алганын да билдирди. Өткөн айда Азербайжан БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз берген эле.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова