Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-11

63429
Саламаттык сактоо, туризм жана Түркия-11

Бул учурда эң кеңири жайылган жана эң маанилүү маселелердин бири ашыкча салмактуулук болуп саналат. Дүйнөлүк Cаламаттык Cактоо Уюмунун көрсөткүчтөрүнө ылайык учурда дүйнөдөгү толук кишилердин саны 1 жарым миллиарддан ашты жана булардын ичинен болжол менен 500 миллиону ашыкча салмактуу адамдар. Айрыкча 1980-жылдан бери дүйнөдө ашыкча салмактуу кишилердин саны эки эсе өстү. Мындай абалга көбүнчө, өнүккөн жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жашаган адамдар дуушар болушууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, киреше деңгээли жогорулаган сайын коомдогу ашыкча салмактуу адамдардын саны да өскөнү ортого салынды.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму мындай ашыкча салмактуулукту « Денедеги ден-соолукту бузуучу ашыкча майлардын чогулуусу» деп аныктоодо. Адамдардын жашоодо жаш-куракка, гендерге, кылган ишине жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөргөн күнүмдүк энергияга муктаждыктары бар. Эркек кишилердин дене салмагынын 15-18 пайызын, ал эми аялдарда болсо 20-25 пайызын май клеткалары түзүүдө. Кишилерден бөлүнгөн энергия менен сарпталган энергиянын көлөмдөрүнүн арасында кандайдыр бир тең салмаксыздык болсо, анда ашыкча энергия денеде май клеткасы катары чогулат жана семирип кетүүсүнө себепчи болот.
Семирип кетүү бир эле учурда адамдын жашоо сапатына да түздөн-түз таасирин тийгизген оору болуп саналат. Семирүүгө себепчи болгон саламаттык маселелеринин арасында; канда кант курамынын жогору болушу, диабет, жогорку кан басымы, жүрөк-тамыр оорулары, кандагы майлардын холестерин деңгээлинде жогорулоосу, өт оорулары, астма, дем алуу жолдорунун оорулары сыяктуу көптөгөн маселелер орун алууда.
Семиздикти өлчөөдө, кеңири түрдө «Дене массасы индекси» колдонулууда. Дене массасынын индекси дене салмагыңыздын боюңуздун квадрат метрине бөлүнүүсү менен табылууда. Мисалы үчүн бою 180 сантиметр жана 75 килограмм салмактагы бир кишинин дене массасы индексин табуу үчүн салмагы болгон 75тин боюнун метр квадраты болгон 3,24кө бөлүнүүдө. Жыйынтык катары 23,15 саны кишинин дене салмагынын нормалдуу экенин көрсөтүүдө. Анткени адистер дене массасынын индекси 18,5-25дин аралыгында болгон кишилерди нормалдуу салмакта деп кабыл алышууда. Дене массасынын индекси деп айтылган бул сан 25-30дун аралыгында болсо анда ашыкча салмактуу деп эсептелет. Дене массасынын индексиңиз 30 дан ашса тилекке каршы семиз деп кабыл алынасыз. Семиздик абалы өз ара кайра үчкө бөлүнөт. Дене массасынын индекси 30-35 аралыгында болгондорго «семиз же ашыкча салмактуу, ал эми 35-40 аралыгында болгондорго «өтө семиз», 40тын үстүндө болсо «коркунучтуу семиздик» деп айтылууда.
Түркия үнү радиосунда саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда кылымдын маанилүү саламаттык сактоо маселелеринин бири болгон ашыкча салмактуулук темасына орун берүүдөбүз.
Семирип кетүү башкача айтканда кишинин идеалдуу салмагынын жогору болушу, көптөгөн саламаттык маселелерине да себепчи болууда. Салмагыбыз канчалык оор болсо саламаттык проблемаларыбыз да ошончолук түйшүктүү болот. Бул учурда бир жагынан пайдасыз делинген ашыкча тамактануу көнүмүшү, экинчи жагынан кыймылсыз жашоо түрү дүйнөдөгү толук кишилердин улам барган сайын көбөйүүсүнө себепчи болууда. Туура тамактануу жана кыймылдуу жашоо түрүнө өтүү, ашыкча салмактуулук жана семиздик менен күрөшүү үчүн эң таасирдүү ыкма болуп саналат. Акыркы жылдарда мунун маанилүү экенин түшүнгөн өлкөлөр жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамдардын нормалдуу салмактарда болуусу үчүн иш-чараларды жүргүзүшүүдө.
Бул абалга жаңы кабылган кишилер чечкиндүү түрдө ишке ашырылган диета жана көнүгүү программалары менен идеалдуу салмактарына кайрадан ээ болушуп, жашоолорун дени-сак абалда уланта алышат. Бирок диета кармоо менен көнүгүүлөрдү аткаруу олуттуу семиздикке кабылгандар үчүн дайым эле ийгиликтүү жыйынтыктарды береби? Тилекке каршы бул темада адистер андай ойлошпойт. Идеалдуу салмагы 75 килограмм болушу керек деп айтылганына карабастан, чындыгында 150-200 килограммдык салмакта болгон жана ушул себептен көптөгөн саламаттык маселелерине кабылган бир кишинин, жалгыз гана диета жана көнүгүүлөр менен идеалдуу салмагына жетүүсү өтө кыйын деп эсептелүүдө. Мына ушундай абалдагы б.а. олуттуу семиздик деп кабыл алынган оорулуулар үчүн медицина илими альтернатива катары хирургиялык ыкмаларды сунушташууда. Акыркы жылдарда өнүгүп бараткан хирургиялык операциялар ашыкча салмактуулуктун айынан ар кандай саламаттык маселелерине дуушар болгон адамдар үчүн үмүт берүүчү ыкма катары саналууда.
Мындай абалда патологиялык хирургия операциясы менен оорулуунун өмүрүнүн 10-15 жыл узартылуусу максатталууда. Анткени семирип кетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелер, хирургиялык ыкмалар жана андан кийинки көнүгүү программалары менен жоюлушу мүмкүн. Патологиялык хирургия операцияларынан кийин оорулуулардын көпчүлүгү кант диабетинен кутулушуп, жогорку кан басымы үчүн колдонулган дары-дармек өлчөмү да азайтылып, ал тургай кээде токтотулушу мүмкүн. Бирок доктурлар патологиялык хирургиянын кескин түрдөгү косметикалык операция болбогонун, семиздиктин себебинен ден-соолуктун түйшүктүү маселелерине туш болгон адамдар үчүн гана ишке ашырылуучу олуттуу операция экенин баса белгилешүүдө.
Хирургиялык ыкмалардан таасирдүү жыйынтык алынуусу үчүн оорулуулардын өз убагында туура текшерилип туруусу, операциядан мурда башка ооруларынын айыктырылуусу же көзөмөлдөнүүсү керек экенине өзгөчө көңүл бурушууда.
Адистер патологиялык хирургияда үч негизги ыкманын бар экенин сөз кылышууда. Булар силикон протез, ашказан операциясы жана гастрэктомия ыкмалары болуп саналат. Бул операциялар көпчүлүк учурда лапароскопикалык ыкмада б.а. жабык түрдө ишке ашырылууда. Мындай ыкмадагы операциядан кийин оорулуулар бир жылдын ичинде түйшүккө салган ашыкча салмактарынын 70 пайызынан кутулушууда.
Түркия, семирип кетүүнү айыктырууда ийгиликтүү болгон өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Өлкө ичинен болгону сыяктуу эле чет өлкөдөн келген оорулуулар да ушул операциялар үчүн Түркияны танташууда.Бул учурда эң кеңири жайылган жана эң маанилүү маселелердин бири ашыкча салмактуулук болуп саналат. Дүйнөлүк Cаламаттык Cактоо Уюмунун көрсөткүчтөрүнө ылайык учурда дүйнөдөгү толук кишилердин саны 1 жарым миллиарддан ашты жана булардын ичинен болжол менен 500 миллиону ашыкча салмактуу адамдар. Айрыкча 1980-жылдан бери дүйнөдө ашыкча салмактуу кишилердин саны эки эсе өстү. Мындай абалга көбүнчө, өнүккөн жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жашаган адамдар дуушар болушууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө, киреше деңгээли жогорулаган сайын коомдогу ашыкча салмактуу адамдардын саны да өскөнү ортого салынды.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму мындай ашыкча салмактуулукту « Денедеги ден-соолукту бузуучу ашыкча майлардын чогулуусу» деп аныктоодо. Адамдардын жашоодо  жаш-куракка, гендерге, кылган ишине жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөргөн күнүмдүк энергияга муктаждыктары бар. Эркек кишилердин дене салмагынын 15-18 пайызын, ал эми аялдарда болсо 20-25 пайызын май клеткалары түзүүдө. Кишилерден бөлүнгөн энергия менен сарпталган энергиянын көлөмдөрүнүн арасында кандайдыр бир тең салмаксыздык болсо, анда ашыкча энергия денеде май клеткасы катары чогулат жана семирип кетүүсүнө себепчи болот.
Семирип кетүү бир эле учурда адамдын жашоо сапатына да түздөн-түз таасирин тийгизген оору болуп саналат. Семирүүгө себепчи болгон саламаттык маселелеринин арасында; канда кант курамынын жогору болушу, диабет, жогорку кан басымы, жүрөк-тамыр оорулары, кандагы майлардын холестерин деңгээлинде жогорулоосу, өт оорулары, астма, дем алуу жолдорунун оорулары сыяктуу көптөгөн маселелер орун алууда.
Семиздикти өлчөөдө, кеңири түрдө «Дене массасы индекси» колдонулууда. Дене массасынын индекси дене салмагыңыздын боюңуздун квадрат метрине бөлүнүүсү менен табылууда. Мисалы үчүн бою 180 сантиметр жана 75 килограмм салмактагы бир кишинин дене массасы индексин табуу үчүн салмагы болгон 75тин  боюнун метр квадраты болгон 3,24кө бөлүнүүдө. Жыйынтык катары 23,15 саны кишинин дене салмагынын нормалдуу экенин көрсөтүүдө. Анткени адистер дене массасынын индекси 18,5-25дин аралыгында болгон кишилерди нормалдуу салмакта деп кабыл алышууда. Дене массасынын индекси деп айтылган бул сан 25-30дун аралыгында болсо анда ашыкча салмактуу деп эсептелет. Дене массасынын индексиңиз 30 дан ашса тилекке каршы семиз деп кабыл алынасыз. Семиздик абалы өз ара кайра үчкө бөлүнөт. Дене массасынын индекси 30-35 аралыгында болгондорго «семиз же ашыкча салмактуу, ал эми 35-40 аралыгында болгондорго «өтө семиз», 40тын үстүндө болсо «коркунучтуу семиздик» деп айтылууда.
Түркия үнү радиосунда саламаттык сактоо, туризм жана Түркия аттуу программабызды окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда кылымдын маанилүү саламаттык сактоо маселелеринин бири болгон ашыкча салмактуулук темасына орун берүүдөбүз.
Семирип кетүү башкача айтканда кишинин идеалдуу салмагынын жогору болушу, көптөгөн саламаттык маселелерине да себепчи болууда. Салмагыбыз канчалык оор болсо саламаттык проблемаларыбыз да ошончолук түйшүктүү болот. Бул учурда бир жагынан пайдасыз делинген ашыкча тамактануу көнүмүшү, экинчи жагынан кыймылсыз жашоо түрү дүйнөдөгү толук кишилердин улам барган сайын көбөйүүсүнө себепчи болууда. Туура тамактануу жана кыймылдуу жашоо түрүнө өтүү, ашыкча салмактуулук жана семиздик менен күрөшүү үчүн эң таасирдүү ыкма болуп саналат. Акыркы жылдарда мунун маанилүү экенин түшүнгөн өлкөлөр жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамдардын нормалдуу салмактарда болуусу үчүн иш-чараларды жүргүзүшүүдө.
Бул абалга жаңы кабылган кишилер чечкиндүү түрдө ишке ашырылган диета жана көнүгүү программалары менен идеалдуу салмактарына кайрадан ээ болушуп, жашоолорун дени-сак абалда уланта алышат. Бирок диета кармоо менен көнүгүүлөрдү аткаруу олуттуу семиздикке кабылгандар үчүн дайым эле ийгиликтүү жыйынтыктарды береби? Тилекке каршы бул темада адистер андай ойлошпойт. Идеалдуу салмагы 75 килограмм болушу керек деп айтылганына карабастан, чындыгында 150-200 килограммдык салмакта болгон жана ушул себептен көптөгөн саламаттык маселелерине кабылган бир кишинин, жалгыз гана диета жана көнүгүүлөр менен идеалдуу салмагына жетүүсү өтө кыйын деп эсептелүүдө. Мына ушундай абалдагы б.а. олуттуу семиздик деп кабыл алынган оорулуулар үчүн медицина илими альтернатива катары хирургиялык ыкмаларды сунушташууда. Акыркы жылдарда өнүгүп бараткан хирургиялык операциялар ашыкча салмактуулуктун айынан ар кандай саламаттык маселелерине дуушар болгон адамдар үчүн үмүт берүүчү ыкма катары саналууда.
Мындай абалда патологиялык хирургия операциясы менен оорулуунун өмүрүнүн 10-15 жыл узартылуусу максатталууда. Анткени семирип кетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелер, хирургиялык ыкмалар жана андан кийинки көнүгүү программалары менен жоюлушу мүмкүн. Патологиялык хирургия операцияларынан кийин оорулуулардын көпчүлүгү кант диабетинен кутулушуп, жогорку кан басымы үчүн колдонулган дары-дармек өлчөмү да азайтылып, ал тургай кээде токтотулушу мүмкүн. Бирок доктурлар патологиялык хирургиянын кескин түрдөгү косметикалык операция болбогонун, семиздиктин себебинен ден-соолуктун түйшүктүү маселелерине туш болгон адамдар үчүн гана ишке ашырылуучу олуттуу операция экенин баса белгилешүүдө.
Хирургиялык ыкмалардан таасирдүү жыйынтык алынуусу үчүн оорулуулардын өз убагында туура текшерилип туруусу, операциядан мурда башка ооруларынын айыктырылуусу же көзөмөлдөнүүсү керек экенине өзгөчө көңүл бурушууда.
Адистер патологиялык хирургияда үч негизги ыкманын бар экенин сөз кылышууда. Булар силикон протез, ашказан операциясы жана гастрэктомия ыкмалары болуп саналат. Бул операциялар көпчүлүк учурда лапароскопикалык ыкмада б.а. жабык түрдө ишке ашырылууда. Мындай ыкмадагы операциядан кийин оорулуулар бир жылдын ичинде түйшүккө салган ашыкча салмактарынын 70 пайызынан кутулушууда.
Түркия, семирип кетүүнү айыктырууда ийгиликтүү болгон өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Өлкө ичинен болгону сыяктуу эле чет өлкөдөн келген оорулуулар да ушул операциялар үчүн Түркияны танташууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар