Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өттү

Евразия күндеми-34

1477764
Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өттү

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасы. Бүгүнкү чыгарылышыбызда Белорусияда болуп өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 9-август күнү Белорусcияда президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоодо 5 талапкер ат салышты. Президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 84 пайызы катышты. Беларусь Борбордук шайлоо комитетинин расмий маалыматына ылайык, Александр Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып кайрадан өлкө президенти болуп шайланды. Оппозициянын талапкери Светлана Тихановская болсо, шайлоочулардын 10 пайызынын гана добушуна ээ болду.

Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, 9-августтан бери күн сайын өлкөнүн бардык аймактарында массалык акциялар өткөрүп жатат. Бул уруксатсыз митингдерде, расмий маалыматтарга караганда, 6700 жаран кармалды. Массалык маалымат каражаттарына чыккан кабарларда 2 жарандын каза болгону айтылууда. Оппозициянын талапкери Светлана Тихановская жашоо коопсуздугу жок экендигин билдирип, Латвияга чыгып кетти. Коопсуздук күчтөрүнүн митингге чыккандарга ашыкча күч колдонгону калктын нааразычылыгын жаратты. Ушундан улам мамлекеттик заводдор, ооруканалар жана театрлар сыяктуу мекемелерде иш таштоолор башталды. Негизинен бул президенттик шайлоонун өткөн мезгилдердеги шайлоолордон башкача болоору мурдатан эле белгилүү болгон.

Шайлоо өнөктүгү башталган учурда оппозициянын күчтүү талапкерлеринин бийлик тарабынан шайлоодон четтетилиши, оппозициялык маанайдагыларды бириктирди. Белоруссияда шайлоо боюнча сурамжылоо жасоого тыюу салынды. КМШдан башка эл аралык уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүшүнө уруксат берилбеди. Өлкөдөгү оппозициянын “Ким келсе келсин, бирок азыркы президент келбесин” деген чекке жеткени, акыркы учурдагы окуялардан ачык эле байкалып турган.

Белоруссиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө жана акыркы күндөрдөгү митингдерде аялдардын алдыңкы планга чыкканы байкалууда. Беларус аялдары бул окуялардын багыты менен натыйжасынын кандай болоору боюнча чечүүчү роль ойношу мүмкүн.

Шайлоонун алдында орустардын Вагнер фирмасына тиешелүү 33 кишинин Белорусияда кармалышы, Беларусь-Россия мамилелерин бираз бузган болчу. Кармалган вагнерчилер шайлоодон кийин Россияга өткөрүлүп берилди. Вагнерчилердин кармалышынын атайын уюштурулган окуя болуп-болбогондугун убакыт көрсөтөт. Анткени Лукашенко акыркы жылдарда, айрыкча шайлоо өнөктүгү учурунда Кремлди сындаган көп сөз сарптады. Бирок Батышка каршы күрөшүү үчүн Минск менен Москва бийлиги бири-бирине муктаж. Александр Лукашенко жана Владимир Путин 15-август күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Россиянын ар дайым Белорусиянын жанында боло тургандыгын тастыкташты.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгын жалпысынан Белоруссиянын чыгышында жайгашкан мамлекеттердин көпчүлүгү тааныды. Батыштагы мамлекеттер болсо шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүн талап кылышууда. Европа Биримдиги Белоруссиянын башкаруучуларын кара тизмеге ала тургандыгын жарыялады. Лукашенконун оппозиция менен диалог куруу аракети азырынча натыйжа бере элек. Лукашенко Украина, Польша сыяктуу мамлекеттерден келген кишилердин өлкө коопсуздугун бузууга аракет кылып жаткандыгын айтып жатат. Оппозиция болсо добуштардын кайрадан саналуусун жана Лукашенконун мандатын тапшыруусун талап кылып жатышат. Тараптар ортосунда консенсус жаралбаса, Белоруссия Россия-Батыш күрөшүнүн жаңы аймагына айланышы мүмкүн. Өлкөдөгү азыркы абал ар кыл сценарийдин ишке ашып кетишине ылайыктуу болуп турат.

Чыгарылышты даярдаган д-р Абрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар