Орусия менен Украинанын бири-бирине кол салуулары...
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында орус армиясы Харьковдогу жарандык объектилерге кол салганын билдирди. Бир тараптан Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков да маалымат бөлүштү.
Украинанын Харьков шаарында курулуш материалдарын саткан дүкөндү Орусиянын атуусунун натыйжасында кеминде 11 адам каза болуп, 40 адам жаракат алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында орус армиясы Харьковдогу жарандык объектилерге кол салганын билдирди.
Курулуш материалдарын саткан дүкөндүн зыянга учураганын белгилеген Зеленский кол салуудан улам өрт чыккан дүкөндүн ичинде көптөгөн кызматкерлер жана кардарлар болгонун айтты.
Харьков облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов да социалдык медиа эсебинде дүкөнгө 2 башкарылган аба бомбасы тийгенин, кол салууда кеминде11 адам каза болгонун жана 40 адам жараланганын белгиледи.
Синегубов ооруканага жаткырылган жараат алгандардын экөөнүн абалы оор, бир адамдын өмүрү коркунучта экенин билдирди.
Бир тараптан Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Октябрь айылына көп ооздуу ракеталык системалар менен кол салуусунан 2 кишинин каза болгонун, 10 кишинин жараланганын билдирди.
Жабыркагандардын баарынын денелеринин ар кайсы жеринде сыныктар бар экенин белгилеген Гладков 22 турак жай жана 23 унаанын да зыянга учураганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.