Индиянын Анкара элчиси каза болду

Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар Полдун өлүмү тууралуу кабарды X социалдык медиа платформасында бөлүштү.

2154821
Индиянын Анкара элчиси каза болду

Индиянын Анкара элчиси Вирандер Пол каза болду.

Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар рак оорусунан улам бир канча убакыттан бери дарыланып жаткан   Полдун өлүмү тууралуу кабарды X социалдык медиа платформасында бөлүштү.

Полдун өлүмүнө терең кайгыргандарын белгилеген Жайшанкар Полдун Индиянын Тышкы иштер министрлиги үчүн чоң жоготуу болгонун жана көптөгөн иштерде аны менен жакындан иштешкендерин  белгиледи.

Жайшанкар Полдун  берилгендигине жана кызматына ар дайым суктангандыгын жана анын кошкон  салымдарын баалаганын белгилеп,  үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Рак оорусунан дарыланган Полдун өз өлкөсүндө каза болгондугу билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар