Маргарита Роблес: «Израиль Газада чыныгы геноцид кылууда»

Роблес Испаниянын RTVE телеканалына: «Газада болуп жаткан окуялар чыныгы геноцид»,-деп айтты.

2144259
Маргарита Роблес: «Израиль Газада чыныгы геноцид кылууда»

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес Израилди Газадагы палестиналыктарга «чыныгы геноцид» кылды деп айыптады.

Роблес Испаниянын RTVE телеканалына: «Газада болуп жаткан окуялар чыныгы геноцид»,-деп айтты.

Испаниядагы солчул коалициялык өкмөттө коалициянын кенже өнөктөшү болгон Сумар альянсынын министрлери дайыма Израилди «геноцид» кылды деп айыптап жатканы менен, Роблес менен коалициянын башкы өнөктөшү болгон Социалисттик жумушчу партиясынын (PSOE) министри Израил Газада «геноцид кылды» деп биринчи жолу билдирди.

Роблес билдирүүсүндө 28-майда боло турган Министрлер кеңешинин жыйынында 2014-жылы парламентте кабыл алынган чечимди бекитүү менен Испания өкмөтүнүн Палестина мамлекетин расмий түрдө таануу чечимине байланыштуу суроого: ««Палестина мамлекетин таануу- бул тынчтыкка умтулуу, эки мамлекеттин жанаша жашоосунун кепилдиги. Бул Израиль мамлекетине каршы эмес. Бул израилдиктерге, биз сыйлаган адамдарга каршы эмес. Бул Газадагы зордук-зомбулукту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу боюнча милдеттенме»,-деп жооп берди.

Роблес ошондой эле: «Террор менен күрөшүү сыяктуу баарыбыздын орток максаттарыбыз бар. Маселенин дагы дипломатиялык, саясий өңүтү бар, бирок биз баарыбыз терроризмге каршы күрөшкө катышып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар