Ковид - 19дан улам дүйнө жүзү боюнча күтүлгөн өмүрдүн узактыгы болжол менен 2 жылга кыскарды
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун веб сайтынан берилген билдирүүдө, Ковид - 19 эпидемиясы учурунда дүйнө жүзү боюнча орточо өмүрдүн узактыгынын жакшыруусу жана прогрессинин терсине айлангандыгы айтылды.
![Ковид - 19дан улам дүйнө жүзү боюнча күтүлгөн өмүрдүн узактыгы болжол менен 2 жылга кыскарды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1288/247d/4de8/6651837c29964.jpg?time=1719078526)
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму коронавирус (Ковид - 19) эпидемиясынан улам дүйнө жүзү боюнча күтүлгөн өмүрдүн узактыгы болжол менен 2 жылга кыскарганын жарыялады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун веб сайтынан берилген билдирүүдө, Ковид - 19 эпидемиясы учурунда дүйнө жүзү боюнча орточо өмүрдүн узактыгынын жакшыруусу жана прогрессинин терсине айлангандыгы айтылды.
Билдирүүдө 2019 - 2021 - жылдары Ковид - 19 эпидемиясынан улам өмүрдүн узактыгы 1,8 жылга кыскарып, орточо эсеп менен 71,4 жашка түшкөнү белгиленген.
ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс бул тууралуу билдирүүсүндө: "Ковид-19 эпидемиясы өмүрдүн 10 жылдык өсүшүн 2 жылдын ичинде жокко чыгарды", - деди.
Гебрейесус келерки муундарды коргоо максатында өлкөлөрдүн глобалдык бир эпидемия келишими боюнча макулдашуулары керектигин баса белгиледи.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо боюнча статистикалары 2024" отчетуна караганда Америка материги жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү Ковид - 19 эпидемиясынан эң көп жабыр тарткан жерлер.
Отчетто Ковид - 19дун 2020 - жана 2021 - жылдары Америка материгинде эң көп өлүмдүн себеби болгондугу баса белгиленди. Отчетто Батыш Тынч океан өлкөлөрүнүн Ковид - 19 эпидемиясынын биринчи эки жылында вирустан минималдуу түрдө жабыркаганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719078527)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719078527)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.