Илимпоздор: "Амазонка токойлорунун жарымы жок болушу мүмкүн"

Жаңы изилдөөдө илимпоздор Амазонка токойлорунун дээрлик жарымынын 2050-жылга чейин жок болуп кетүү коркунучу алдында турганын айтышты.

2102705
Илимпоздор: "Амазонка токойлорунун жарымы жок болушу мүмкүн"

Амазонка токойлорунун дээрлик жарымы 2050-жылга чейин кургакчылык, токойлордун кыйылышы жана өрттүн кесепетинен жок болушу мүмкүн.

Жаңы изилдөөдө илимпоздор Амазонка токойлорунун дээрлик жарымынын 2050-жылга чейин жок болуп кетүү коркунучу алдында турганын айтышты.

Амазонканын 38 пайызынын бак-дарактардын кыйылышы, өрт жана катуу кургакчылыктан улам бузулганын белгилеген илимпоздор, 2050-жылга чейин тропикалык токойлордун 10-47 пайызы жок болушу мүмкүн деп ойлошот.

Эгерде нымдуулуктун деңгээли ушундай төмөндөй берсе, Амазонканын кургак аймакка айланары болжолдонууда.

Экосистемасы көбүнчө жаан-чачынга көз каранды болгон Амазонка токойлору дүйнөдөгү кычкылтектин көбүн өндүргөндүктөн «дүйнөнүн өпкөсү» деп сыпатталат.

Изилдөөнүн чоо-жайы "Nature" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар