Нетаньяху туткун алмашууга байланыштуу билдирүү жасады
Нетаньяху «максаттарына жана жеңишке жеткенге чейин» Газага кол салуулардын улана турганын билдирди.
![Нетаньяху туткун алмашууга байланыштуу билдирүү жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d376/e20f/0d0c/6524042528142.jpg?time=1719181131)
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Хамастын колундагы туткундардын бошотулушу үчүн Газадан аскерлерин чыгарып кетүүнү камтыган келишимди кабыл албай турганын кабарлады.
Нетаньяху оккупациядагы Батыш Шериада мыйзамсыз жөөт отурукташуу жеринде жайгашкан Бней Давид Аскердик Академиясында сүйлөгөн сөзүндө, Израиль менен Хамастын ортосундагы ыктымалдуу туткун алмашууга байланыштуу билдирүү жасады.
«Максаттарына жана жеңишке жеткенге чейин» Газага кол салуулардын улана турганын билдирген Нетаньяху, ыктымалдуу туткун алмашуу келишими үчүн Газадан аскерлерин чыгарбай тургандарын жана Израиль түрмөлөрүндөгү миңдеген палестиналык туткунду бошотпой тургандарын айтты.
АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугунда 28-январда Франциянын борбор шаары Парижде Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашуу жана ок атышпоо боюнча жыйын өткөрүлгөн.
Израилдин Премьер-министрлик кеңсеси, жолугушуунун «конструктивдүү» болгонун, бирок тараптардын ортосунда дагы деле чоң пикир келишпестиктердин бар экенин билдирген.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израиль армиясы Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.
Күчөгөн чыңалууда көбү балдар жана аялдар 27 миңге жакын палестиналык каза болду.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719181132)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719181132)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.