АКШдагы аба ырайынын кесепети
Миллиондогон америкалыктар кыш мезгилиндеги жагымсыз шарттардан таасирленди.
![АКШдагы аба ырайынын кесепети](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ea5f/c9b0/d5af/65ae18a4c5d56.jpg?time=1719157044)
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) көптөгөн аймактарында акыркы бир жумадагы катаал аба ырайы себеп болгон окуяларда 80ден ашуун адам каза тапты.
Си-Би-Эс телеканалынын маалыматына караганда, миллиондогон америкалыктар кыш мезгилиндеги жагымсыз шарттардан таасирленди.
Батыш бөлүгүндөгү Орегондо муз бороонунан улам жарыяланган өзгөчө абал уланып жатканда, Пенсильвания, Калифорния жана Индианада да электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Өлкө боюнча акыркы бир жумада 80ден ашуун адам катаал аба ырайы себеп болгон кырсыктардан каза тапса, суук аба ырайынын аптанын башында да улана турганы кабарланды.
Полярдык сууктан 100 миллиондон ашуун адамдын терс таасирленгени билдирилди.
Аба ырайынын катаалдыгынан 100 миңдей кишиге электр жарыгы бериле албай жатат.
Бир тараптан Теннесси штатында 10 миллион кишиден электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу үчүн энергияны үнөмдөө талап кылынды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719157045)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719157045)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.