Нетаньяху-Галлант: "Газага чабуулдар уланат"

Биньямин Нетаньяху Израилдин түштүгүндөгү Неватим аба базасына барып, иликтөөлөрдү жүргүздү.

2090362
Нетаньяху-Галлант: "Газага чабуулдар уланат"

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галлант блокададагы Газа тилкесине кол салуулардын улана турганы тууралуу билдирүүлөрүн кайталашты.

Биньямин Нетаньяху Израилдин түштүгүндөгү Неватим аба базасына барып, иликтөөлөрдү жүргүздү.

Газага кол салуулардын максатына жеткенге чейин улана турганын белгилеген Нетаньяху: «Эч ким биз жөнүндө туура эмес өкүм чыгарбасын. «Жеңишке» жеткенге чейин абадан, кургактыктан жана деңизден күрөштү улантабыз»,-деди.

Коргоо министри Галлант да Газага кол салуулардын улана турганын билдирди.

Аскердик бөлүккө сапары учурунда сөз сүйлөгөн Галлант: «Газада барымтадагылар турганда согушту бүтүрө албайбыз. Барымтадагыларды кайтаруунун жолу – аскерий кысым»,-деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда 24 миңден ашуун палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар