Кулеба: "Киевдин Б планы жок"
Кулеба батыштык өнөктөштөрдүн Украинага колдоо көрсөтүүнү улантарын үмүт кылганын айтып, Украинага аскердик жардамдын «кайрымдуулук» эмес, «НАТОнун коргонуусуна инвестиция» экенин баса белгиледи.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Батыштын жардамды азайтуу ыктымалдыгына карата Б планын иштеп чыгышпагандарын айтты.
Кулеба батыштык өнөктөштөрдүн Украинага колдоо көрсөтүүнү улантарын үмүт кылганын айтып, Украинага аскердик жардамдын «кайрымдуулук» эмес, «НАТОнун коргонуусуна инвестиция» экенин баса белгиледи.
«В планыбыз жок. А планына ишенебиз» деген министр, Украинанын Орусияга багынбай турганын жана колундагы ресурстарды колдонуу менен күрөштү уланта турганын билдирди.
Кулеба ошондой эле эгер Орусия украин армиясын жеңсе, бүткүл дүйнөдөгү лидерлер бул азгырыктын курмандыгы болуп, Орусиядан үлгү алаарын болжолдоду.
Октябрда Украинанын Президентик аппаратынын жетекчиси Михаил Подоляк, Батыштын Киевге курал-жарак берүүнү акырындатканын, андыктан Украина курал-жаракты өз аймагында чыгара турганын, бул үчүн чет элдик инвестицияга муктаждык бар экенин айткан.
Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси жылдын аягына чейин президент Жо Байден сунуш кылган Украинага жардам пакетин беките алган жок.
Декабрда Германиянын коргоо министри Борис Писториус, Батыштын Украинаны курал менен камсыз кылууда көйгөйлөргө туш болуп жатканын мойнуна алды жана Евробиримдиктин Киевге март айына чейин 1 миллион артиллериялык ок-дары жеткиребиз деген убадасын аткара албасын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.