Израиль палестиналык аял туткундарды камакка алды

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн Газада ымыркай, кары-картаң жана балдар да арасында болгон 142 палестиналык аял туткунду камакка алганы белгиленди.

2074877
Израиль палестиналык аял туткундарды камакка алды

Израилдин Газада кармап кеткен 142 палестиналык аял туткунду камакка алганы карланды.

Палестинанын туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу палестиналык туткундар боюнча делегациясы темага байланыштуу жазуу түрүндө биргелешкен билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн Газада ымыркай, кары-картаң жана балдар да арасында болгон 142 палестиналык аял туткунду камакка алганы белгиленди.

Палестиналык аялдардын Эд-Дамун жана Ход Хашарон баш болгон ар түрдүү абактарда кармалып жатканы маалымдалды.

Израилден темага байланыштуу азырынча эч кандай билдирүү келе элек.

Палестиналык бейөкмөт уюмдар буга чейин биргелешкен билдирүү жасап, Израиль күчтөрүнүн блокададагы Газа тилкесинен алынып, Рамалланын батышындагы Офер түрмөсүндө кармалып турган палестиналык туткундарга каршы коркунучтуу кылмыштарды кылганын жарыялашкан.

Билдирүүдө Израилдин палестиналык туткундардын саны, алардын тагдыры, камак жайлары жана ден соолук абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартканы да айтылды.



Тектеш кабарлар