Израиль армиясы палестиналыктарга ок атты

Жабыркагандардын тез жардам унаалары менен Акса шейиттери ооруканасына жеткирилгени билдирилди.

2068499
Израиль армиясы палестиналыктарга ок атты

Кагылышууларга гуманитардык тыныгуу берилген Газа тилкесинин түштүгүнөн түндүгүнө кайтууга аракет кылган палестиналыктарга Израиль армиясынын ок атуусунун натыйжасында бир палестиналык каза болуп, көп сандаган палестиналык жараланды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүнөн Газа шаарына жана түндүк аймактарына кайтууга аракет кылган жер которгон палестиналыктарга ок чыгарды.

Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, Израиль аскерлери тарабынан атылган октун натыйжасында 1 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Жабыркагандардын тез жардам унаалары менен Акса шейиттери ооруканасына жеткирилгени билдирилди.

Ал арада 7-октябрдан бери Израилдин тоскоолдугунан улам Аль-Акса мечитиндеги 7-жума намазына да өткөн жумалардагыдай эле өтө аз сандагы мусулмандар катыша алды.

Оккупацияланган Чыгыш Кудста Аль-Акса мечитинин айланасындагы чектөөлөрүн уланткан Израиль полициясы өткөн жумалардагыдай бул аптада да Аксада жума намазын окууну каалаган палестиналыктарга тоскоол болду.

Адатта жума күндөрү 100-150 миң киши кезекке турган Месжид-ул-Аксада Израилдин тоскоолдугунан улам 7-октябрдан бери акыркы 6 жумада болгондой эле бул жумада да 5 миңге жакын киши гана намаз окуй алды.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль-Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу” деген негиз менен 7-октябрда эртең менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Газа өкмөтүнүн маалыматына караганда, Израилдин кол салууларында 7-октябрдан бери Газа тилкесинде 6 миң 150дөн ашууну бала жана 4 миңден ашуун аял 14 миң 854 киши каза болду.



Тектеш кабарлар