Фахреттин Кожа: «Рак менен жабыркаган газалыктардын Түркияга өткөрүлүшү пландалууда»

Кожа социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин кол салууларынан улам саламаттыкты сактоо кызматтарына жете албаган газалыктар тууралуу кечээ кечинде Египеттин саламаттык сактоо министри Халед Абдель Гаффар менен сүйлөшкөндөрүн билдирди.

2060521
Фахреттин Кожа: «Рак менен жабыркаган газалыктардын Түркияга өткөрүлүшү пландалууда»

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа рак менен жабыркаган газалыктардын Түркияга өткөрүлүшү пландалганын билдирди.

Кожа социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Израилдин кол салууларынан улам саламаттыкты сактоо кызматтарына жете албаган газалыктар тууралуу кечээ кечинде Египеттин саламаттык сактоо министри Халед Абдель Гаффар менен сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Анда көптөгөн маанилүү темада макулдашкандарын белгилеген Кожа:« Иштерин токтотууга аргасыз болгон  Газадагы Түркия-Палестина достук ооруканасында дарыланып жаткан рак оорулуулары баш болгон мурда кабарланган жана тез арада дарыланууга муктаж болгон 1000ге жакын оорулуу жана жарадарларды Рефах чек ара капкасынан Египетке алып келүү үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз. Андан соң рак менен ооругандарды жана шарты өтө зарыл болгондорду тез жардам учактары жана кеме ооруканасы аркылуу өлкөбүзгө жеткирүү пландалууда»,- деди.

Кожа бул маанилүү өнүгүү үчүн керектүү иштерди пландоо жана ишке ашыруу үчүн Гаффар менен бир пикирге келгендерин жарыялады.

Кожа, Газадан жарадар болгондорду дарылоодо колдонулушу үчүн Түркия Египетке жибергиси келген талаа ооруканаларын жана тез жардам унааларын жөнөтүү үчүн ошондой эле түрк сууларында кармалган жана каалаган убакта мобилизациялана турган 2 түрк кемесинин Египет портторуна кирүүгө уруксат берилгенин билдирди.



Тектеш кабарлар