Папуа-Жаңы Гвинеядагы жер көчкүдөн 670 адам каза болду
Аймакта издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген жетекчилер, куткаруу топторунун болжол менен 6-8 метр тереңдикте калган жабырлануучулардан үмүтүн үзгөнүн билдиришти.
![Папуа-Жаңы Гвинеядагы жер көчкүдөн 670 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5dba/f545/641a/665318fb01ecc.jpg?time=1722046003)
Тынч океандын түштүгүндөгү Папуа-Жаңы Гвинея өлкөсүндө болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 670ке жеткени айтылууда.
Папуа-Жаңы Гвинеянын Энга провинциясында 24-майда болгон жер көчкүгө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жооптуу кызматкерлери билдирүү жасады.
Жооптуу кызматкерлер табият кырсыгында 150 үй жана 670тей адамдын жер астында калганы болжолдонуп жатканын билдирди.
Аймакта издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген жетекчилер, куткаруу топторунун болжол менен 6-8 метр тереңдикте калган жабырлануучулардан үмүтүн үзгөнүн билдиришти.
Жооптуу кызматкерлер ошондой эле «туруктуу эмес» топурак куткаруу иштерине коркунуч туудурганын белгилешти.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722046004)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.