Газада жер которгондор
Израилдин кол салуусу астындагы Газа тилкесинде ар бир 10 кишинин 9нун күч менен жер которгондугу билдирилди.
Израилдин кол салуусу астындагы Газа тилкесинде ар бир 10 кишинин 9нун күч менен жер которгондугу билдирилди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам агенттигинин социалдык медиа эсебинде Газада Израилдин кол салууларынан улам жер которгон палестиналыктарга байланыштуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Газада коопсуз жердин калбаганы баса белгиленип, аймак элинин бара турган жеринин жок экендигине көңүл бурулду.
Болжол менен 2 миллион 300 миң калкы бар Газада 10 кишиден 9нун күч менен жер которгондугу баса белгилеип, бул кишилердин эл көп болгон мектептер, кулаган имараттар,кум үстүнө курулган убактылуу чатырлар, ал тургай таштанды үйүлгөн жерлер менен бирге кандай жер тапса баш калкалоого аракет кылгандыгы айтылды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Бир тараптан Израиль армиясы Газада дагы бир мектепке сокку урду.