Столтенберг: «Кытай Орусияга колдоо көрсөтүү менен Европадагы согушка май тамызууда»

Столтенберг Германиянын Welt am Sonntag гезитине берген билдирүүсүндө : «Кытай Батыш менен жакшы мамиледе болууну каалаганын айтат, бирок Пекин ошол эле учурда Европадагы согушка май тамызууда. Экөөнү бирдей жүргүзө албайсың»,-деп айтты.

2144261
Столтенберг: «Кытай Орусияга колдоо көрсөтүү менен Европадагы согушка май тамызууда»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Кытай Украинага каршы Орусияга колдоо көрсөтүү менен Европадагы согушту күчөтүп жатканын айтты.

Столтенберг Германиянын Welt am Sonntag гезитине берген билдирүүсүндө : «Кытай Батыш менен жакшы мамиледе болууну каалаганын айтат, бирок Пекин ошол эле учурда Европадагы согушка май тамызууда. Экөөнү бирдей жүргүзө албайсың»,-деп айтты.

Орусиянын Украинадагы согушу үчүн Кытайдын колдоосу абдан маанилүү экенине көңүл бурган Столтенберг : «Москва Украинага каршы ракета, танк жана учак өндүрүү үчүн колдонгон машина тетиктери, микроэлектроника жана башка технологияларды сатууда ачык өсүш бар»,-деп өз баасын берди.

НАТОнун баш катчысы Украинага НАТО аскерлерин жөнөтүү же НАТОнун абадан коргонуу чатырын Украинага кеңейтүү планы жок экенин айтып, НАТО жаңжалдын бир бөлүгү болбой турганын дагы бир жолу кайталады.

Столтенберг НАТО өлкөлөрүн Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырып: «Эгерде (Орусиянын президенти Владимир) Путин Украинада өз каалоосуна жетсе, Европада туруктуу коопсуздук болбойт жана бүтүндөй дүйнө туруксуз болуп калат. Биз Орусияны мындан аркы агрессиядан баш тарттырышыбыз керек. Путинге карата жумшартуу саясаты натыйжа бербейт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар