Байден: «НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү»
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү экенин айтты.
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.
АКШнын Украинага колдоосун уланта турганын баса белгилеген Байден, бул өлкөдө америкалык аскерлердин жок экенин айтты.
«Мен аны сактап калууга чечкиндүүмун»,-деп айткан Байден Орусиянын президенти Владимир Путиндин НАТОнун ыдырай турганына ишенгенин жана альянстын керектүү биримдикти камсыз кыла албасын ойлогондугун түшүндүрдү.
Байден: «Бирок дүйнө тарыхындагы эң чоң коргонуу союзу болуп көрбөгөндөй күчтүү»,-деп айтты.
АКШны «дүйнөнүн супер державасы жана алмаштырылгыс өлкөсү» деп мүнөздөгөн Байден Израилге колдоо көрсөтүү менен бирге Газага да жардам бергендерин айтты.
Байден АКШ армиясына «тарыхый инвестицияларды» жасагандарын белгилеп, керек болгон учурда күч колдонуудан да тартынбай тургандарына көңүл бурду.
Тектеш кабарлар
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.