Мексикада "Отис" бороону: 27 адам каза болду

Бороондун кесепетинен миңдеген үйлөр жабыркап, электр жарыксыз калды.

2056628
Мексикада "Отис" бороону: 27 адам каза болду

Мексикада "Отис" бороонунун себебинен 27 адам каза тапты.

Мексиканын коопсуздук министри Роза Исела Родригес, 5-категорияга көтөрүлгөн жана "кыйратуучу болушу мүмкүн" деп эскертилген "Отис" бороонунан улам алдын ала жыйынтыктарга караганда 27 кишинин каза болгонун, 4 кишинин да дайынсыз жоголгонун билдирди.

Бороондун кесепетинен миңдеген үйлөр зыян тартып, электр жарыксыз калды.

«Отис» бороону өлкөнүн түштүгүндөгү жээк шаары Акапулького жетип, жамгыр да таасирин күчөткөн.

Герреро аймагы, бороон-чапкындын ыктымалдуу кыйратуучу кесепеттерине каршы 396 убактылуу баш калкалоочу жай куруу иштеринин башталганын жарыялаган. 

Мексика армиясы менен деңиз флотунан 8 миңден ашуун аскер издөө-куткаруу чараларынын алкагында аймакка жайгаштырылып, порттор да убактылуу жабылган. 



Тектеш кабарлар