Ханиядан Газа эскертүүсү

Хания жарыялаган видеосунда, Израилдин 7-октябрдан бери Газага карай кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.

2056588
Ханиядан Газа эскертүүсү

Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, блокададагы Газага кол салуулардын уланышынын кесепеттери тууралуу эскертип, мунун "бүткүл аймакты көзөмөлдөн чыгарарын" айтты.

Хания жарыялаган видеосунда, Израилдин 7-октябрдан бери Газага карай кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.

Хамастын лидери Хания: «Палестина аймагында Хамас менен бирге бардык каршылык кыймылдары, өз элин жана жерин бошотууну максат кылган улуттук боштондук кыймылдары болуп саналат. Террорист болсо баскынчы, аларды колдогон жана геноцидге унчукпай тургандар. Газага кол салуунун уланышы бүткүл аймакты көзөмөлдөн чыгарат. Бул жер орчундуу абалга келди жана анын жүрүшүн же жыйынтыгын эч ким алдын ала айта албайт»,-деди.

Ислам дүйнөсү жана бардык башка элдерди Палестина үчүн тилектештикке чакырган Хания: «Ислам калкын жана араб улутун каршылыкты акча, курал жана технология менен колдоого чакырам»,-деди.

Исмаил Хания бардык дос өлкөлөрдү Израилдин Газадагы балдарга, аялдарга, кары-картаңдарга, сыйынуучу жайларга жана үйлөргө карата кол салууларын токтотуу үчүн бүткүл аянтчаларда керектүү бардык кысымды ишке ашырууга чакырды.

Хания: «Баскынчы Израиль стратегиялык кол салуу жана оор жеңилүүгө учурагандыктан оңолуп кете албайт. Өзгөчө Рефах чек ара капкасын ачууга жана Газага муктаж болгон нерселердин шартсыз киргизилиши темасында чакырык салам. Душмандын Газага эмненин кире турганын көзөмөлдөшү кабыл алынгыс»,- деп айтты.

Хамас лидери: «Согуштун 20-күнүндө Газада каршылык көрсөтүүнүн жакшы абалда экенин баса белгилейбиз»,- деп сөзүн аяктады.



Тектеш кабарлар