Израиль-Палестина кагылышуусуна байланыштуу сүйлөшүүлөр

Мицотакис менен Сисинин телефон сүйлөшүүсүндө Израиль-Палестина жаңжалы жана Газа тилкесиндеги акыркы абал талкууланды.

2051222
Израиль-Палестина кагылышуусуна байланыштуу сүйлөшүүлөр

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Грециянын Премьер-министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда, Мицотакис менен Сисинин телефондук сүйлөшүүсүндө Израиль-Палестина жаңжалы жана Газа тилкесиндеги акыркы абал талкууланды.

Мицотакис Газадагы гуманитардык кризистин алдын алуу керектигин баса белгиледи.

Газага гуманитардык жардам жеткирүүнүн маанилүүлүгү темасында макулдашышкан эки лидер, чыңалуунун бүткүл аймакка жайылышына байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.

Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул баштаганын жарыялаган.

Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирип барышкан.

Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөгөн чыңалууда эки тараптан тең миңдеген өлүм бар.



Тектеш кабарлар