Британиянын Eurofighter Typhoon согуштук учактары Польшада

Блащак өзүнүн X социалдык медиа аккаунтунан билдирүү жасады.

2045159
Британиянын Eurofighter Typhoon согуштук учактары Польшада

Польшанын Коргоо министри Мариуш Блащак Британиянын Королдук Аба күчтөрүнө таандык Eurofighter Typhoon согуштук учактарынын өлкөсүнө жайгаштырылганын билдирди.

Блащак өзүнүн X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, RAFка караштуу Eurofighter Typhoon согуштук учактарынын Польшага жайгаштырылганын белгилеп: "Британиялык учкучтар биздин F-16 учкучтары менен бирге Польшанын аба мейкиндигинде күзөттө болушат. Коопсуздукту бирге камсыз кылуудабыз",-деп айтты.

Чек ара коопсуздугун күчөткөн жана Беларусь өлкө үчүн коркунуч болушу мүмкүн деген Варшава администрациясы, аскердик кызматташтыкты арттырууну улантууда.



Тектеш кабарлар