Франциянын Ниамейдеги элчиси Нигерден чыгып кетти

Француз RFI радиосунун кабарына караганда, элчи Итте эртең менен Нигердин борбор шаары Ниамейде Чаддын борбору Нджаменага баруу үчүн учакка отурду.

2043006
Франциянын Ниамейдеги элчиси Нигерден чыгып кетти

Франциянын Ниамейдеги элчиси Сильвен Иттенин Нигерден чыгып кеткендиги билдирилди.

26-июлда бийликти колго алган аскерий администрация 25-августта өлкөдөн чыгып кетүүгө 48 сааттык убакыт бергенден кийин француз элчиси Ниамейден чыгып кетти.

Француз RFI радиосунун кабарына караганда, элчи Итте эртең менен Нигердин борбор шаары Ниамейде Чаддын борбору Нджаменага баруу үчүн учакка отурду.

Баш калаа Парижге кайтуу үчүн Нджаменадан башка учакка отура турган Иттенин Францияга жетиши күтүлүүдө.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 15-сентябрдагы билдирүүсүндө элчи Иттенин “барымтага алынганын” жана элчиликке тамак-аш киргизүүгө тыюу салынганын билдирген.

Макрон 25-сентябрдагы билдирүүсүндө болсо элчи Иттенин Францияга кайтып келерин маалымдаган.



Тектеш кабарлар