Гватемалада дарыя ташкындап, 6 адам каза болду

Гватемаладагы Лас Вакас дарыясы ташкындап, 6 үй суу астында калды.

2042095
Гватемалада дарыя ташкындап, 6 адам каза болду

Гватемаланын баш калаасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден 6 киши каза болуп, 13 киши дайынсыз жоголду.

Борбордук Америка өлкөсү Гватемалада нөшөрлөгөн жамгыр селге алып келди. Катуу жамгырдын айынан борбор шаар Гватемаладагы Лас Вакас дарыясы ташкындап, 6 үй суу астында калды.

Жетекчилер селден 6 адам каза болуп, 13 адам дайынсыз жоголгондугун кабарлашты.

Өрт өчүрүү кызматынан Серхио Кабанас билдирүүсүндө: «Биз азыр 6 өлүктү таптык, балким дагы табабыз. Сөөктөрдүн арасында бир кыз жана 5 чоң адам бар»,- деди.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар